Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

"Баш мыйзам жоголду, ким көрдү?"


Кыргызстан Конституциясы.
Кыргызстан Конституциясы.

Бейшембиде “Республика”, “Новые лица”, “Де-факто”, “ПолитКлиника”, “Асман кошуу”, “Азия нюс” гезиттери чыкты.

“Де-факто” гезитинде Шайыр Эрболовдун “Баш мыйзам жоготтук, ким көрдү?”, Азат Бектургановдун “Баш мыйзам кайда, биз кайда?..”, “Экономиканы алсыраткан экономикалык биримдик” макалалары жарык көрдү. Анда Евразия экономикалык биримдикке киргени Кыргызстан Орусия менен Казакстандын товарларына толуп, ал эми өзү өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрү сыртка чыгарылбай турганы тууралуу кеп болот.

Басылмада Бишкектеги ири базарлар, соода жайлары кайсы байларга таандык экенин ырастаган кеңири маалымдама да жарыяланган.

Элвира Акимованын “Памирде сүйүү жок” деген аталыштагы жол очеркинде улуу тоодо жашаган улутташтарыбыздын жашоо-турмушу чагылдырылган. Памирликтердин кими болбосун берген биринчи суроосу “Сиз доктурсузбу?”, “доктурду көрүшсө Кудайды көргөндөй сүйүнүшөт, дарыгерге бир эмес беш-алты дартын айтып арызданышат”, дейт автор. Оорунун айынан катары суюлуп бараткан памирлик кыргыздардын балдары оор табигый шарттын айынан кичинесинде чарчап калгандан калк саны өспөй токтоп калган.

Кыргызстан Баш мыйзамынын түп нускасы жоголуп, табылбай жатканына “ПолитКлиника” гезити “Ийне жоголду! Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын түп нускасын таппай жатат” деген пикирлер топтому аркылуу кайрылды. Гезитте Бабырбек Жээнбековдун президентке каты жарыяланган. Аткошчулары көп, акыл кошчулары жок мамлекет башчысына кайрылып Бабырбек Жээнбеков “сот системасы бүгүнкү күндө оңолуу жолуна түшпөй эле, омурткасы сынган өгүздөй отуруп калды. Кайсыл сотко барба – башаламандык, мыйзам талаптарына түкүрүүчүлүк, соттук креслого отуруп-отурбай жатып менменсинип кекирейүүчүлүк, иштерди айлап эмес жылдап сүйрөп былгытуу, өкүм-чечимдердин грамматикалык сабатсыздыгы көнүмүш көрүнүшкө, азаптуу адатка айланды”, деп жазды.

Ушул эле гезиттеги Кымбат Турдубекованын “Машаякчы аялдын сөөгү үчүнчү жолу жерге берилди” деген макаласында Ала-Букадагы окуя тууралуу кеп болот.

“Асман кошуу” гезитинде Токтайым Үмөталиеванын “Былыгыбыз чыгып калбасын дешип Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна каршы болуп жатышат” деген аталыштагы маегине, биртоп маданий ишмерлердин Кыргызстандын бийлик жетекчилерине жолдогон “Жайсаңчыларды жайлообу, же...” деген кайрылуусуна орун берилген. Белгилүү экономист окумуштуу Айылчы Сарыбаевдин гезиттеги маеги “Кыргыздар оозу менен эмес, колу-буту, башы менен иштеши керек”, деген аталышта жарыяланды.

“Азия нюс” гезити жаңы санын “Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин Путин жактырдыбы?” деген суроолуу тема менен ачты. Отун-энергетика тармагы боюнча адис Расул Үмбөталиевдин ушул гезиттеги маеги “Максим менен Ширшовдун коррупциялык иштерин Айбек Калиев улантууда” деп аталат. Анда Айбек Калиев энергетика тармагындагы мурдагы коррупциялык мыйзамсыз иштерди бүгүн да улантып келатканы, мыйзамсыз түзүлгөн энергохолдингди башкарып жатканы, бул кызмат мыйзамдуу болуш үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилиши керектигин, азырынча андай иш жасала электиги айтылат. Гезитте Карыбай Турусбековдун “Атамбаев болбосо, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элдин канын сормок!”, Сурат Жылкычиевдин “Саясатчыларга кошулуп алып, былжырап жүргүм келбейт” деген мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев менен маеги да жарыяланган.

Басылмада Кудайберген Жумабаевдин “Президентти “подставит” эткен Албек Ибраимов” деген макалага да орун берилген. Аялына каттаткан жерди Атамбаевге сатып ортодон 9 миллион сом пайда көргөн шаар башчы бир жумага жетпеген убакытта “заңгыраган “борбордун” пайдубалын куюп, дубалын көтөрүш физикалык жактан мүмкүн эмес, логика кайда? Мына ушунун баары Албек Ибраимовдун жалган айтып жатканын, участок Анарбек Укуевге “подставное лицо” катары катталып, иш жүзүндө кожоюн Албек Ибраимов экендигин далилдейт. Демек, “борбордун” курулушу эчак эле башталган”, деп жазат макала автору.

Албек Ибаримовдун жерин сатып алып ал жерге келишкен үй салган президент Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч туулганын түркиялык дипломаттар эскертишкенин “Республика” гезити жазды. Макала автору Замира Сыдыкованын ырасташынча, президенттин өмүрүнө коркунуч келтирген адам түркиялык ишкер, гүленчилер катарындагы киши экен. Ал Атамбаев менен чогуу бараткан жеринен кармалыптыр.

Атамбаев менен социал-демократиялык партияга сын айткандар Кыргызстандын өзүндө көзөмөлгө алынары Махинур Ниязованын “Атамбаев менен КСДПны сындагандарды отургузушабы?” деген макаласында козголгон. Жогорку Кеңешти кармап турушка канча акча кетери, бюджеттик акчаларды эл өкүлдөрү кантип сарптап жатышканы Рина Приживойттун ушул эле гезиттеги “Жатып ичерлер” деген макаласында баяндалган. Мамлекеттин акчасы жок, чогулган акчанын баары салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн чогулган каражаттар. Аты аталбаган март сүрөөнчүнүн эсебинен отурган орундуктарын жаңылаган эл өкүлдөрү “башка чыгымдарга” 268,2 миллион сом коротушат, дейт макала автору.

Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу ушул эле автордун “Ар кошкон шорпо” деген аталыштагы макаласында кеп болот. Гезитте ушу тапта абакта жаткан Кадыров, Асанов, Сарыгулов, Карыбековдордун конституциялык өзгөртүүлөргө карата билдирүүсүнө да орун берилген. Анда авторлор Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр парламентте үч окуудан өтүшү керектигин, алардын ар бир окуусунун ортосу эки айдан кем болбошу керектигин, бирок азыркы өзгөртүүчүлөр мыйзам тартибин сактабай жатышканын белгилеген.

“Новые лица” гезити “Кыргызстан эгемен өлкө катары калабы?” деген редакциялык билдирүү менен ачылды. Гезитте Азиз Карашевдин “Миграциянын жүзү”, “Кутумчулук теориясы” жана “Себат” лицейлери”, Лейла Саралаеванын Кыргызстан эгемендигинин 25 жылдыгына арналган “2010-жыл: Кыргызстан кыйрап калуу коркунучунда” деген хроникасы да жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG