Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

"Курал-жарактарды аскер кызматкерлеринен сатып алганбыз"


Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жанкечтинин жардыруусунан кийин.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жанкечтинин жардыруусунан кийин.

Бүгүн “Кыргыз туусу”, “Фабула” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити мыйзамды коргойт деп кызматка койгон күч органдарынын он кызматкери баш кесер кылмышкерлерге мыйзамсыз курал сатып жүргөн деп колго түшүрүлгөнүн, колго түшкөндөр демейдеги ууру-кескилер эмес, Ички иштер министрлиги менен аскер кызматындагылар болуп чыкканын, прокурорду машинасына отурарда жардырган жана Кытай элчилигин жардырган “смертник” колдонгон жардыргыч заттарды так ушулар саткандыгы тергөөгө алганда ачыкка чыкканын, кармалгандар курал-жарактарды аскер кызматкерлеринен сатып алганбыз деп көрсөтмө беришкенин, мунусу бул болсо, анысы ал болуп, өткөн жумада Ички иштер министринин орунбасары Данияр Абдыкаров министрликтин 10-башкармалыгынын бир бөлүмүнүн начальниги да курал саткандар менен байланышта болгон деп кармалганын билдиргенин, азыр бул кейиштүү ишти Аскер соту карап жатканын жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Кош бол, коалиция!” деген баш тема жана СДПК фракциясынын билдирүүсүн жарыялоо менен ачты. Гезиттен АКШнын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Томас Шэннон 26-27-октябрь күндөрү Бишкекте болорун, эртең Өзбекстандын делегациясы Ош шаарына келерин, 18-жана 19-кылымдарда жашап өткөн кыргыз элинин даанышман уулдарынын бири Сартбай Доскул уулуна же эл оозундагы ысымы менен айтсак, атактуу Сарт акеге арналып айкели Нарындын чыгыш тарабына тургузулганын, Сарт аке болжолу 1775-жылдары дал ошол Нарындын Теке-Секирик деген жеринде туулуп, Ысык-Көлдө жашап, 90 жашка келип калганда: “Эрте жазда менин да кайтарым келип калды. Нарынга көчкүлө, сөөгүмдү мен айткан жерге койгула” деп керээз калтырганын, айткандай эле сөөгү Нарындын күн чыгышына, азыркы Кеңеш айлына коюлганын журналист Күмөндөр Усуптегиндин макаласынан окуйсуздар.

Ала-Арча резиденциясында Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу Эл аралык илимий жыйын өткөнүн, Маданият министри Түгөлбай Казаков жетектеген маданият кызматкерлери Койчуман Момункулов, Жылдыз Бакашова, Роза Султаналиева, Кален Сыдыкова, Эл артисти Акылбек Абдыкалыков, акындар Анатай Өмүрканов жана Кыялбек Урмамбетов Таласка барып, 47 жашында өмүрдөн кайткан таланттуу котормочу, адабий сынчы жана акын Аман Токтогуловдун 70 жылдыгын өткөрүп келишкенин, Аман Токтогулов Чыңгыз Айтматовдун орус тилинде жазган бир катар чыгармаларын кыргыз тилинде сүйлөткөнүн, айрыкча авар акыны Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” аттуу китебин мыкты которгондугун, ал китеп кыргыз окурмандарынын сүйүп окуган чыгармасына айланганын журналист Жыпар Исабаеванын макаласынан окуй аласыздар.

“Фабула” гезити Алмазбек Темирбек уулунун коалициянын тараганын кеп кылган макаласын жарыялады. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Жыл аягына чейин табышмактуу эки кылмыштын бети ачылат...” аттуу маегинде мурдагы министр Мелис Турганбаев аягына чыгарам деп жүрүп чыгара албай кеткен Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы кыздын табышмактуу өлүмү менен спортсмен Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштери дале тергөөдө экендигин, жыл аягына чейин ачылып калышы мүмкүндүгүн айтканын басты. Бирок маркум Абасовдун бир тууган иниси Мирбек Калданов маек берип, ГУБОПтун жетекчилигине, тергөөчүгө бара берип тажаганын, министр телевизордон сүйлөп жатканда угуп олтурганын, башында эле “Буйрук берген адам табылды, ал издөөдө” деп айтышканын айтып: “Кана ошол адам? Кашкар мырза деле оозу бош жооп берди. Мен анын жообуна канааттанганым жок”, деп билдирди.

Депутат Махабат Мавлянова “Эмнеге өлүм жазаны киргизүүгө болбой турганын баары билет” деген маегинде Конституция өлүм жазасын киргизүүгө жол бербестигин, анын маалыматы боюнча, кайсыл бир эл арлык уюмдар Кыргызстанга карыз бергенде Кыргызстан өлүм жазасын колдонбоо тууралуу милдеттенме алганын, өлүм жазасынын кирбей жатканы ушундан экенин, эгер өлүм жазасын киргизиш керек болсо дал ушул өзгөртүлгөнү жаткан Конституцияга киргизилсе болмогун билдирди.

“Кош жылдыз” долбоорунун продюсери Калипа Сейдалиева өзүнүн “Бул ирет “Кош жылдыз” долбоору мыкты деңгээлде, өзгөчө шоу менен коштолот” деген маегинде концертке 15 түгөй катышарын, арасында Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов, Назым Мендебаиров, Айсалкын Осмонова, Шайгүл Алсеитова сыяктуу дөө-шаалар жана белгилүү ырчылар Салима Балтаева менен Кенже Көбөкова барын, алар кыргыздын шедевр ырларын тартуулай турганын белгиледи. Жазуучу Меңдибек Асылбековдун ой толгоосу “Ата Журтубуз бакубат болсун” деп аталды.

XS
SM
MD
LG