Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Бразилиянын букасы кимдин “үкасы?”


Бука.
Бука.

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, “Багыт”, “Майдан” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Бакиевчил адамдар азыркы президент Атамбаевдин айланасында отурат” деген маегине орун берди. Атамбаевди сынга алган Текебаев президент бийлигин сактап калуунун эски формасын башкача өңүттө калыптандыргысы келип жатканын, айланасында бакиевчил адамдар олтурганына мисалды Сапар Исаковдун 2010-жылдын 7-апрелинде Максим Бакиев менен Вашингтондо чогуу болгонун келтиргенин, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышса “Ата Мекен” 3-орунду алмагын, бирок негизги талапкерлер “үй-бүлөлөрүнүн” тагдырын ойлоп “барбай эле коелу” деген чечимге келишкенин, ал эми партиянын “шайлоого барабыз” деген жылаңач баатырларынын акчалары жок экенин кеп кылды. “Келерки президенттик шайлоого барасызбы?” деген суроого Текебаев, “билбейм” деп жооп берди.

Саясый серепчи Марс Сариев акырындап саясат талаасынан сүрүп чыгара баштаганын Текебаев сезип калганын, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен бийликте кармалып олтурган олуттуу салмагы бар саясатчы жалгыз Текебаев экенин, ал эми Темир Сариев, Азимбек Бекназаров жана башкалар кадыр-баркын жоготуп коюшканын, ошондуктан Текебаев баш болуп Отунбаева, Салянова, Шыкмаматов президентке чабуулга өтүшкөнүн, албетте, президент азыркы акаевдик-бакиевдик кадрларды кызматтан кетирүүнү көздөп жатканын, демек элитанын өзүн өзү тазалоо процесси жүрө баштаганын билдирди.

Марс Сариев келечекте Өмүрбек Бабановду президенттикке талапкер болуучу олуттуу фигура катары караса болорун, референдумдун үзгүлтүккө учурашына сырткы оюнчулар кызыкдарлыгын, балким АКШ өзүнүн президенттик шайлоосу менен алек болуп жатканы биз үчүн ыңгайлуу шарт түзүп турганын, Россия менен Кытай болсо тескерисинче бийликти чыңдоонун зарылчылыгын түшүнүү менен кабыл алышарын белгилеп, “Эмне үчүн парламенттик республика болдук? Эмне үчүн Венеция комиссиясы жана башкалар таңууланды?” деген суроого ал: “Себеби ал–Кыргызстан аркылуу кошуна өлкөлөрдөгү режимди алсыратып же туруксуз абалды түзүп, постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерди бөлүп-жаруу долбоору экендиги апачык эле көрүнүп турат”, деп айтты.

"Майдан” гезити булардан тышкары экономист Айылчы Сарыбаевдин, саясый серепчи Табылды Акеровдун, журналист Дайырбек Орунбековдун, экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун, коомдук ишмер Кайып Шеринин, саясатчы Камчыбек Ташиевдин, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин жана башкалардын маектерин басты. Азимбек Бекназаров тууралуу бир топ жарандардын жакшы пикирлери жарыяланды, мисалы, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Бекназаровго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү сунушун билдирди.

“Багыт” гезити бул санын “Сорос-Кыргызстан” фонду бейөкмөт уюмдарын финансылоо аркылуу референдумга каршы чыгабы?” деген макала менен ачты. Баратбай Аракеевдин бирдей жыныстуулардын үйлөнүшүнө каршы макаласы жарык көрдү. Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Кыргызстандын ички рыногу үчүн кармаш” деп атап, Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын интеграциялануу процесси болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар менен өтүп жатканын, Кыргызстан союзга кирген ири өлкөлөрдүн айтканын кылып, айдаган жагына басып жүрө берсе акыры анысы жакшылыкка алып келбестигин, Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун сактоо өкмөттүн негизги милдеттерине кирерин белгилеп, азыр чет өлкөлүк экспортчулардын Кыргызстандын ички эт рыногун басып алуу кармашы башталганын, мисалы, Бразилия бизнесмендери жана алардын Кыргызстандагы далдалчылары “мраморный” деп асман-айга жеткире мактаган, чын-чынына келгенде гормоналдык “химикат” менен семиртилген бир жарым тонналык букаларынын этин Кыргызстандын рыногуна толтуруп салса биздин карандай эмгек менен экологиясы таза жайлоолордо багылып семиртилген эттин арзан товарга айланышы, атамекендик фермерлер четинен жок боло башташы турган иш экендигин айтты.

“Багыт” басылмасынан ошондой эле “Атамбаев репрессия курмандыктарын эскерди” деген, “Бакиевчилерди коргогон Чолпон Жакупова” деген, “Саясатта: кимдер иштеп жыргатып, кимдер мээ жеп жадатты?” деген, “Мураскер издеп, шакирттерин садага чаап, саясаттан акча жасаган Текебаев” деген макалаларды окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Эмне үчүн түштүктө да,түндүктө да диний радикалдар улам көзгө даана көрүнө баштады?” деген макала менен ачты.

XS
SM
MD
LG