Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

"Террорчулар түрмөнү жардырууга даярданган"


Шаршембиде жарыкка чыккан кыргыз басылмаларында коопсуздук маселеси арбын козголду.

“Өзү асылдыбы же... асып салыштыбы?”. Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити 50-СИЗОнун мурдагы начальниги, 54 жаштагы полковник Иманкул Телтаевдин сырдуу өлүмү тууралуу Артур Исаевдин макаласын жарыялады.

Автор макаласында бир кызыктай фактыга окурмандардын көңүлүн бурду. Көрсө Иманкул Телтаев ушул жылдын 8-октябрында же өмүр бою кесилген кылмышкерлер түрмөдөн качып чыгарына 4 күн калганда өзү башчылык кылган түрмөнүн кызматкерлерине өзгөчө буйрук болмоюнча күчөтүлгөн тартипте иштей берүү керектигин, анткени террорчулар №50 түрмөнү жардырып жиберүүгө даярданып жатат деген маалыматтар бар экенин билдирген Улуттук коопсуздук комитетинин каты менен тааныштырганын, бул деген Жаза аткаруу кызматы да, 50-СИЗО дагы алардын түрмөсүнө каршы бир нерсе даярдалып жатканын, болгондо да коркунуч “Жайшул Махди” деп аталган террордук уюм тарабынан келерин билишкендигинен кабар берерин белгилеп, “мына ушунун баарын билип туруп, кайсыл шайтан алгырлар жанкечтилерди түрмөдөн качырып жиберишти” деп суроо койду.

Кыргызстандын укук коргоочулары, 50-СИЗОдогу окуяны мамлекеттик масштабдагы кутум деп адегенде эле кыйкырып чыгышканын, түрмөнүн асылып өлдү делген башчысы Иманкул Телтаев бул окуя кандайча болгонун билген акыркы күбө болгонун, ошондуктан анын көзүн да тазалап салышканын жазуу менен: “Эмне үчүн Телтаевди Жаза аткаруу кызматынын ансыз да былгып жаткан системасынын 1-СИЗОсуна алып барып камашты? Андан көрө Улуттук коопсуздук комитетинин абагына жайгаштырганда өлбөй калбайт беле?” деп суроо койду.

Автор Жаза аткаруу кызматына караштуу Коомдук байкоочу кеңеш президент менен премьер-министрге, парламенттин спикерине Кыргызстандын түрмөлөрүнүн чоңу Алик Мамыркуловду кызматынан алуу боюнча кайрылганын кабарлады.

“Дело №...” басылмасы мурдагүнү түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү атайын прокуратура Бишкектеги №1 СИЗОнун жетекчисинин милдетин аткаруучу Талант Байсеитовго “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген айып менен кылмыш ишин козгогонун, Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиргени боюнча, “1-СИЗОнун начальнигинин орунбасары Жаза аткаруу системасынын тергөө абагындагы ички эрежелердин талабын бузуу менен Телтаевди медициналык-санитардык бөлүмдүн кабинетине жаткырууга СИЗОнун жетекчисинин жардамчысы менен врач-терапевтке оозеки көрсөтмө бергенин, Телтаев санчастта кайтаруусуз жатканын жазып чыкты.

Ушул эле гезит Вадим Ночевкиндин “Кыргызстанга да согуш келеби?” деген ат менен дүйнөдөгү кооптуу абал 180 градуска бурулганы турганын, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террорчу жанкечтилерге каршы Орусия жана анын союздаштары согуш жарыялаганын, согуш кандай абалда жүрүп жатканын кенен талдоого алды. “Тиш доктур акушер боло албагандай эле, хирург да педиатр боло албайт. Андыктан чек араны аскер күчтөрү эмес, даярдыктан өткөн атайын кызматтын чалгынчылары кайтарышы керек” деп жазды аталган гезит.

“Дело №..” гезитинен сиздер ошондой эле “Кыргызстан дүйнөлүк терроризмдин картасында” деген, “Украина ИГИЛдин союздашыбы?” деген, бүгүн өкүмү угузула турган Нарымбаев менен Коркмазов тууралуу, орусиялык белгилүү тележурналист Ксения Собчактын Бишкекке келип кеткени тууралуу макалаларды окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити депутаттык значоктун пайдасы тийбей калганын, Байтиктин, Лебединовканын жана Кара-Жыгачтын айыл өкмөттөрүнө караштуу жерлерди мыйзамсыз трансформациялап, “айыл чарбачылыгы үчүн” деген категориядан “калктуу конуштар” деген категорияга которуу махинациясын жүргүзгөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Игорь Чудиновго Башкы прокуратура тарабынан күнөө коюлганын, коррупциялык иштери үчүн депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууда эми парламенттин эч кандай макулдугунун кереги жоктугун, Чудиновдон башка дагы кимдер күнөөлөнүп жатканын Эльвира Темирдин “Мандаттан да майнап чыккан жок” деген макаласынан окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG