Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Гезиттер: Бишкек аял мэр келсе жыйналмак


Бишкек
Бишкек

Бейшемби күнкү кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити “Данияр Нарымбаевдин сотуна күбө катары чакырылган Назгүл Түлеева үч жолу тең келбей койгондон кийин сот аны милийсанын күчү менен алып келүү чечимин чыгарды” деп, “Парламент Баткенди эркин экономикалык аймак деп таануу мыйзамын колдоду” деп, “Республика менен “Ата-Журт” ажырашканы калды” деп, “Вашингтон-Бишкек кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу даярдап жатат” деп, “Бир жакшы күнөсканадан 4 миллион сомдон ашуун пайда көрсө болот” деп жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Кулматов кетти, ордуна ким келет?” деген суроо менен кайрылды.

Депутат Мирлан Бакиров: Шаардын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев жарайт, - деп; cаясатчы Руслан Бекназаров: - Канат Исаев келиши мүмкүн - деп; “Бир Бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев: - Аялдарга бериш керек. Алтынай Өмүрбекова менен Айгүл Рыскулова мэрликтин майын чыгара иштемек, - деп; саясатчы Адил Турдукулов: - Эл шайлаш керек, - деп; саясатчы Курманбек Осмонов: - Башкарууну билген шаардык кеңештин депутаттарынын баары болсо болот, - деп; депутат Максат Сабиров: - Прогноз жасаган туура эмес, - деп; саясатчы Бакыт Бакетаев: - Мен мурдагы мэр Иса Өмүркуловду сунуштайт элем, саясатчыны мэр кылып алып барыш керек, - деп, депутат Айнура Алтыбаева: - Мен алдын ала айткыдай көзү ачык эмесмин, шаар мэри боло турган татыктуулар көп, - деп; журналист Бүбүкан Досалиева: - Бишкектин башчылыгына аял келиш керек. Анткени эч бир аял үйүн таштандыга толтуруп, идиш-аягын кир бойдон таштап салып басып жүрбөйт, - деп жооп беришти.

“ПолитКлиниканын” бүгүнкү санында швейцариялык жазуучу жана журналист Лоринс Деонна Женевада жашап турган кыргыз журналисти Жеңишбек Эдигеев менен маек куруп, бир катар суроолоруна жооп берди. Женевалык журналист Лоринс Деонна Батыш десе эле Америка деп түшүнбөш керектигин, Европа менен Америка экөө таптакыр эки башка экендигин, мисалы кыргыздардын бери эле дегенде миң жылдык тарыхы болсо, Американын болгону 200 жылдык гана тарыхы барын айтып берди. Швейцариялык журналист сөзүнүн аягында, “дүйнөдө эң бактылуу өлкө кайсы?” деген журналисттин суроосуна, кымбат хан сарай, кымбат мебель, эки-үчтөн машина тебүү бул бакыт эместигин, жакшы жашоо дегенди жалаң гана материалдык байлыкка негиздеп түзүү бул статистиканын логикасы болуп саналарын, мынакей, тибет элинде байлык жоктугун, бирок алар жан дүйнөнүн терең жерине сүңгүп алып кандай гана бактылуу жашап жатканын, барып турган бактылуу эл ушулар экенин, ал эми эң бай деген Жапония дүйнөдө суицид боюнча эң алдыңкы орунда турарын, эмне үчүн, анткени эң бай деген өлкөлөрдө адам адам эмес, акчага кул болгон адам кейпиндеги робот болуп каларын, демек байлыктан издеген бакыт бакыт эместигин айтып берди.

“Асман плюс” гезитине ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаевдин “Башаламандыкка жол бербейбиз” деген маеги жарык көрдү. Кабарчынын “Жаз менен ар кандай күчтөр биригип, бийликке каршы митингдерди өткөрө баштайт” деген маалыматтар айтыла баштады, сиз буга кандай дейсиз?” деген суроосуна министр Турганбаев, митингдер боло берерин, бирок башаламандыкка жол берилбестигин, демократия, сөз эркиндиги барын, журналисттерди уруп-сабап, өлтүрмөй жоктугун, уюшкан кылмыштуу топтор ийиндерине кирип кеткенин, азыр баягыл “ай, койчу, ошол милийсаңды” деген сөздөр жоголгонун, сурамжылоо боюнча калктын 66% милицияга ишенерин, ал эми “жаз алды менен андай болот, мындай болот” деген баягы эле боло жүргөн чаар баш саясатчылардын, бийликке таарынгандардын чыгарганы экенин, элге чыгыштагы араб өлкөлөрүнүн же Украинанын азап-тозогунун, өлүм менен согуштун, энелердин көз жашынын бир тыйынчалык да кереги жоктугун, элибизге тынчтык керектигин, андыктан милиция эл каалаган тынчтыкты ар дайым сактап бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG