Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Кутулган пил жана тутулган чычкан жөнүндө


“ПолитКлиника” гезити бул санын “Келдибековду актап, Аманбаеваны 9 жылга кескен сотторду адилеттүү дегенге болобу?” аттуу макала менен ачып, учурунда Акматбек Келдибековдун канча байлыгы бар экенин массалык маалымат каражаттары сайрап, каз катар тизилген кымбат машинелерин, машинесинин бир дөңгөлөгү эле миллион сомдук экенин, пансионат, коттеждерин, катар-катар квартира, үйлөрүн ачык эле тизмелеп, дайын-даректери менен жазып чыгышканын, бизнес кылбай, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп ушунчалык байыганы эл-журттун баарына эле ачык көрүнүп турганын, анан ошончо байлыгы туруп 3 млн. сом төлөп коюу Келдибеков үчүн кеп эместигин, ал эми сот бул чечими менен: “Мамлекеттик кызматка бара бергиле, мамлекетти каалагандай талап-тоногула, болушунча байыгыла, кийин бирдеме болуп кылмыш иши козголсо бир аз акча төлөп кутулуп кетесиңер”, деген сабакты берип жатканын, Келдибековдун фонунда Аманбаеванын кылмышы пилдин жанындагы чычкан кейиптенип калганын белгилеп, “Бир эле инстанциядагы соттор окшош кылмыш иши боюнча эки башка чечим чыгарып жатканын кандай түшүнсө болот?” деген суроону койду.

Аталган гезит СДПК фракциясы Акыйкатчы кызматына айтылуу укук коргоочу Турсунбек Акунду сунуштаганы жатканын, башка талапкерлердин ысымдары Турсунбектей белгилүү эместигин, Кыргызстанда “Жибек жолу” деп аталган кытай тилиндеги гезит чыга баштаганын, банктарда сомду долларга алмаштырууга чектөөлөр киргизилгенин, жеңил оокат менен жан баккан шылуундар Жеңиш аянтындагы жаңы үйлөнгөн жаштар койгон гүлдөрдү уурдап сатып акча жасап келатканын, алар ал тургай мүрзөдөгү гүлдөрдү да уурдап келип базарларда сатышат экен деген да сөздөр бар экенин маалымдап, бул боюнча макала тартуулады.

“ПолитКлиника” гезити ошондой эле “Терроризмдин тамыры кайда жана анын дин менен байланышы барбы?” деген тегерек үстөлдөгү талкууну тартуулай баштады. Беш жылдан бери Францияда жашап келаткан кыргыз жигити Айбек Мамбеталиевдин “Алар эмнеге Парижди тандашты?” деген макаласы жарык көрдү.

“Общественный рейтинг” гезити Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Малайя университетинин окутуучусу, философия илимдеринин доктору Таалайбек Мусаевдин чоң маегин жарыялады. Кезинде Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш факультетинин жапон бөлүмүн бүтүрүп чыккан кыргыз жигити бүгүн өнүккөн Малайзиянын чоң окуу жайында жапон тилинен сабак берип жатканын, бир эле убакта Москванын стратегиялык коньюктура борборунун эксперти да болуп саналарын айта кетели. Малайзияга кантип барып калганын сураганда Таалайбек бала чагында Жюль Верндин, Майн Риддин, Джек Лондондун, Александр Беляевдин жана башка классик жазуучулардын “Сырдуу арал”, “Профессор Доуэлдин башы”, “Робинзон Крузо”, “Өлгөн кемелердин шаары”, “Ихтиандр” деген китептерин башына жаздап окуп, түшүнө тропикалык өлкөлөр, күү-шаа түшкөн толкундар, Африканын саванналары менен өмүрү кыш болбогон түнт токойлор кире бергенин, китептин каармандары менен жашап, өзү да ошол укмуштуу окуялардын ичиндеги каармандарга окшошкусу, ошол жерлерде болгусу келгенин... Кыскасы, анын келечеги балалык доору аркылуу түптөлгөнүн, жаш кездеги тилеги акыры аткарылганын айтып берди. Таалайбек Мусаев Кыргызстандын экономикалык, социалдык-коомдук турмушун кеңири талдоого алып, саясый системанын түп тамырынан бери кайра түзүлүшү деп парламентаризмди эсептерин, салыштырмалуу шайлоо алда канча тазарганын, баягыдай кара пиардын, ызы-чуунун баркы да, мааниси да кеткенин, эми Евразия экономикалык биримдиктин механизмин жетекчилер туура пайдаланса Кыргызстандын ички саясый турмушу кыйла туруктуу болорун, союз кезинде биздин өлкөдө нефть, газ, көмүр өндүрүлүп, түстүү металл, приборлор, электр кыймылдаткычтары, металл кескич станоктор, айыл чарбасы үчүн машиналар, цемент, темир бетон жана башкалар чыгарылып, айрымдары алыскы чет өлкөлөргө чейин экспорттолуп келгенин эске салуу менен улут катары сакталып калууну кааласак, келечекте өсүп-өнүгүүнү кааласак бардыгы жакшы болорун, ал үчүн биринчи кезекте Орусия менен кол үзбөө керектигин кеп кылды.

“Асман плюс” гезитине депутат Акылбек Жапаровдун “Тышкы соода саясатыбызды Москвага өткөрүп берип койдук” деген маеги, Мирбек Мырзабековдун “Өкмөт Бакиевдин үйү менен байыгысы келет” деген макаласы жарык көрдү. Макалада Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу көчөсүндөгү майыптар жашап келаткан үйүнүн бүгүнкү абалы баяндалат. Журналист Вера Аламанованын макаласы “Кыргызстандыктар акча үчүн кыргынга учурайбы?” деп аталды. Белгилүү акын Марк-Абай Ааматовдун жаңы ырлары да ушул санда.

XS
SM
MD
LG