Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Гезиттер: Баарына "халалды" чаптап бүттүк


“Кыргыз туусу” гезити жаңы санында “Агартуунун Ак кемесине айланган институт” деген эки беттен турган макалалар топтомун окурмандарга тартуулады.

"Кыргыз туусу" “Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтуна” педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Исамидинов Улуттук университетте 12 жыл декандын орунбасары, 18 жыл проректор, андан кийин ректор болуп иштеген дасыккан кадр экенин белгилеп, аны менен кызыктуу маек курду. Ушул институт чыгарып келаткан “Мугалим” деген журналдын башкы редактору, педагогика илимдеринин кандидаты Рахат Сулайманованын “Журнал-мугалимге жардамчы” деген макаласы жана Кыргызстандын ар кайсыл аймактарындагы адамдардын аталган окуу жайы жөнүндө айткан жакшы пикирлери кошо жарыяланды.

“Айбат” гезити “Юристин баласына мыйзам жокпу?”, “Ленин окуу, окуу жана окуу”, “Болот Шер Бабановго тиш кайрады” деген баш темалар менен бүгүнкү санын ачты. Гезиттин андан кийинки макалаларынын аты “Жаныш Бакиев жана мурдагы күч органдарынын кызматкерлери журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча шектелүүдө” деген, экономика доктору Айылчы Сарыбаевдин “Ар бир акционердик коомдун өзүнүн экономикалык саясаты болот” деген, “Президент А. Атамбаев электр энергиясынын тарифин 84 тыйынга чейин жогорулатуу тууралуу чечимди кайра карап чыгууну сунуштады” деген макалаларды басты.

“Де-факто” гезити “Катарын калыңдата албай убара болгон “Бир бол”, “Куловдун дымагы бийик”, “Айлакер Малиев “мат” болгондо”, “Эл, жолугушуу, убада, баглаң козу жана уча”, “Саясаттан көңүлү калган Байболов”, “Шайлоо алдында ойгонгон Дүйшөбаев”, “Чыныбай чынын айтыптыр” деген майда кабарларды басты. Мындан тышкары Социалдык фонддун төрагасы Мухамедкалый Абулгазиевдин “Жарандарды пенсия менен камсыз кылууну өнүктүрүү концепциясы бекитилди” деген маеги бар. Журналист Назгүл Осмонова даярдаган бет “Мао Цзедундун “Саясат бул кан төгүүсүз согуш, согуш–кан төгүлгөн саясат” дегенин да ушул “Де-факто” гезитинен окуйсуздар.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Халал” дегениң акча табуунун амалы” деп аталып, мусулманчылыктын борбору делген Сауд Арабияда эттен башкага халалдык кылбаган болсо, бизде, ээгине сакал коюп алып, сакал койсо эле, ыймандуу экен деп калбадыкпы ошентип аарынын балына да халал, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайына да халал деп акча таап жатканын белгилеп, “Андай эле халалдык кылса Орусияда иштеп жүргөн миллиондогон кыргызга кайсыл халал ашпоз халал тамак берип жатат?” деп суроо коюп, бүгүн кыргызды жок кыла турган ушундай акмактык көрүнүштөргө каршы турат деген бийлигиң иштебей, жатканын жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Арстандар жана чөөлөр. Кыргызстандын башкы каналы нацизмди үгүттөөдө” деген макала басты жана буга карата Тажик коомдук бирикмесинин вице-президенти Кадыр Муривтовдун, профессор Азиз Нарынбаевдин, акын Вячеслав Шаповаловдун, Кыргызстандын аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын ой-пикирлерине орун берди.

Журналист Нарын Айып даярдаган бет “Жогорку Кеңеш “чет элдик агенттерге” киришти”, “Депутаттар КТРКны сындады”деген жана башка макалалардан турат.

XS
SM
MD
LG