Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Базага Баткен ыңгайлуубу?


Бейформал саммиттеги "формалдуу чечим" Өзбекстандын кыжырына тийди
Бейформал саммиттеги "формалдуу чечим" Өзбекстандын кыжырына тийди

Кыргызстанда дагы бир орус аскерий базасы курулушуна Өзбекстан каршылык билдирди. Кремль Ташкендин тынчсыздануусуна жооп бере элек.

Өткөн аптада Чолпон-Ата саммити кыргыз жеринде дагы бир орус базасын куруу боюнча меморандум менен жыйынтыкталган. Кыргызстан менен Орусия 1-ноябрга чейин ал базанын иши боюнча келишимге кол кое турган болушту. Кыргыз жетекчилиги орус аскерлерин Баткенге жайгаштырууну каалайт. Ал курамы 400дөй аскерден турган бир батальон болоору айтылды.

Региондогу өлкөлөр ким менен достошсо, өз эрки.
База негизинен орус аскерлери жана аскерий техникасы менен тургузулаарына карабай, аны Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердики деп атамай болушту. Бирок бул уюмга мүчө - Өзбекстан – базанын турушуна каршы болуп жатат. Президент Ислам Каримов саммитте унчукпай эле отурган эле, эки күндөн кийин өзүнүн тышкы иштер министрлиги аркылуу билдирүү таратты. Анда айтылгандарга караганда, “Өзбекстан үч мамлекет чектешкен аймакта чет өлкөнүн базасы турбашы керек деп эсептейт. База региондо улуттук араздашууларды жаратып, кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн”, - деп айтылат өзбек тараптын билдирүүсүндө.

Себепсиз коркунуч

Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” директору Алексей Мухин буга макул эмес. “Бул жерде акты кара, караны ак деп жатышат, - деди А.Мухин, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып. - Тетирисинче, орус аскерлеринин турушу дайыма улуттар арасындагы араздашууларды дээрлик жокко чыгарган фактор болуп келген”.

Кыргызстан базаны кыргыз-өзбек-тажик чек-арасына жакын болсо дейт
Азырынча Бишкек да, Кремль да өзбек тараптын билдирүүсүнө расмий жооп кайтарыша элек. Бирок баары азыр жоопту Москвадан күтүп турушкан өңдүү.

Орус парламентинде бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Константин Затулин “өзбектер Батыш менен Орусиянын ортосунда ары-бери чуркаганды коюп, ким менен дос болоорун ачык айтышы керек” деди.

“Менимче, бул базада Өзбекстанга коркунуч келтиргидей эч нерсеси жок, - деди ал “Азаттыкка”. - Расмий Ташкен, чынын айтканда, өзү региондогу айрым мамлекеттерге, жок эле дегенде Тажикстанга, коркунуч келтирет. Өзбекстан азыр Жамааттык коопсуздук уюмунун коргонуу боюнча жасап жаткан биргелешкен ишине бут тосконго аракет кылып жатат”.

Депутат Затулин Өзбекстандын өзүн айрым өлкөлөргө коркунуч келтирет дегени коңшулаш мамлекеттердин соңку жылдардагы суу, жаратылыш газы, ошондой эле азырга чейин чечилбеген чек-ара маселеси боюнча араздашуулары менен байланыштуу.

Андыктан орус аскерлеринин Фергана өрөөнүндө турушу Ооганстан тараптан кириши мүмкүн деп айтылып жаткан исламчыл жикчилер менен баңги аткезчилерин эле эмес, коңшу мамлекеттердин да бири-бирине каршы чечкиндүү аракеттерге барышынын алдын алат дешет.

Уюмдан ырк кеттиби?

База менен байланыштуу соңку жагдайлар Жамааттык коопсуздук келишиминин өзүндө да аскерий блокко айлануу планы бышып-жетиле электигин көрсөткөндөй болду. Депутат Константин Затулин азыр уюмга мүчө мамлекеттер өздөрү тышкы саясатынын нугун так аныктап алышы зарыл дейт.

ЖККУнун мүчөлөрү бул ирет саммитке баарып келип, биримдикти даңазалагандай болушту эле...
“Орусия Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер андагы мүчөлүгүн олуттуу тандоо катары таанышын каалайт. Бирок буга баары эле даяр эмес көрүнөт. Анткени айрым мамлекеттер бир эле учурда Батыш менен соодалашып, ошол эле кезде Орусиядан да пайда көрүп калууну каалап жатышат. Мындай болбойт”, - дейт ал.

Аталган уюмга түрдүү маселелер боюнча кайчылаш позицияда турган мамлекеттер мүчө. “Ошентсе да азыр Ташкен Орусия менен Кыргызстандын чечимине каршы чыгып жатышы жалпы уюмда ыдыроо бар дегенди билдирбейт”, - деп ишенет саясат талдоочу Алексей Мухин.

“Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда ыдыроо жок, болгону – андагы мамлекеттер бири-бирине толук көнө элек, - деп ойлойт ал. - Алардын акыйнек айтышуулары бут кийимге кирип калган кум сыяктуу эле жагымсыз сезимди жаратат. Бирок ал андан ары басып кете бергенге анча деле таасир этпейт. Келишимдин иштешин каалабаган НАТО өңдүү уюмдарга карабай, ал баары бир иштей берет”.

Кайдагы НАТО?

НАТО демекчи, Өзбекстан экинчи орус базасына каршылык билдирүүдөн мурда дал ушу Түндүк-Атлантикалык альянс менен кеңешкенин ошол уюмдун Борбор Азия жана Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Сайммонс да “Азаттыкка” ырастады.

Роберт Сайммонс
“Биз өзбектер менен бул жөнүндө сүйлөштүк, - деп айтты НАТОнун Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Роберт Сайммонс. - Алар “Манастагы” аскерий базанын конкреттүү максаты бар экенин, ал Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрүнө жардам берүү экенин айтышты. Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун базасы ким менен күрөшөөрү, анын түпкү максаты эмне экени белгисиз деген ойду айтып жатышат. Биз бул уюм менен мамилени каалабайбыз, анткени алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билебиз. Бирок ошол уюмдагы мамлекеттер менен алаканы бузуп алуудан да алыс болгубуз келет. Анткени алардын баары - НАТОнун өнөктөштөрү. Эгемен мамлекет катары алар ким менен кызматташса - өзүнүн иши”.

“Өзбекстан эгер катуу таарынып калса, буга чейин ЕврАзЭШтен чыгып кеткендей, бул ирет коопсуздук боюнча жамааттык уюмдан да чыгып кете бериши мүмкүн” деп жазат шаршембилик санында “Коммерсант” басылмасы.

Базага ыңгайлуу жер

Жаңы базаны куруу боюнча кыргыз-орус келишими үч айдын ичинде такталып, кабыл алынышы күтүлүүдө. Биз сүйлөшкөн орусиялык аналитиктер база боюнча аракеттер эми токтотулбайт, ал сөзсүз курулат деп ишенишет. Азыр база кайсыл жерден орун алат деген суроого гана так жооп айтыла элек.

1999-2000-жылдары "сакалчандар" Баткендеги Зардалыга чабуул коюшкан
Орусия үчүн база Баткенде эмес, Ошто болгону экономикалык жактан да, саясий жактан да утушка тураары айтылууда. Анткени Ошто база үчүн даяр инфраструктура бар, анын үстүнө Ташкендин таарынычын жайганга да оңоюраак болмок.

Кыргыз тарап болсо база Баткенден орун алса дейт. Бир чети, аны менен борбордон эң алыс облусту исламчыл жикчилерден коргоп, экинчи жагынан, инфраструктурасы жок жерге орусиялыктардын эсебинен көп нерсени салдырып алмак.

Оштобу, Баткендеби, айтор, база сөзсүз өлкөнүн түштүгүндө болушу керектигине аналитиктер бир топ жүйөөлөрдү келтиришүүдө. Биринчиден, куралданган исламчыл жикчилер Ооганстан тараптан чабуул коюп келишет. Экинчиден, өлкөнүн түндүгүнө ашыкча базанын кереги жок. Ал жерде бир эмес, эки база бар. Болгондо да алардын бири – Орусияныкы. Үчүнчүдөн, базаны үч мамлекеттин аймагы чектешкен жерге куруу Орусиянын бул аймакта таасирин арттырууга багытталган саясатына толук туура келет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG