Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:35

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: “КУУДУЛ ОЛТУРУШ” ӨТӨТ


Ушул жумада Кожомкул атындагы спорт ордосунда куудул Жаныбек Алыкулов “Куудул олтуруш”долбоорун өткөрөт. Элдик оозеки чыгармачылыктагы куудулдук өнөрдү өнүктүрүү максатында “Чоңко” маданий борборунун демилгеси менен уюштурулуп аткан бул отурушка Күмөндөр Абылов, Келдибек Ниязов, Рахман Разыков баштаган куудулдар жана ырчы-чоорчулар катышат.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза Азимаматова куудул олтуруштун катышуучуларынын көпчүлүгүн жаш куудулдар түзөөрүн белгиледи:

-“Дем” театрынын балдары, Сакиш, Бопуш катышат. Ошондой эле элге тааныла элек, бирок жакшы номерлери бар жаш куудулдар катышууну суранып келип атышат. Буйруса бейшемби күнү көрөрмандар алардын да өнөрлөрүнө күбө болушат.

“Чоңко” маданий борборунун жетекчиси Жаныбек Алыкуловдун айтуусунда, бул жолку отурушта куудулдар кандайдыр бир темага чектелбей ар кыл мазмундагы сатираларын айтышат:

-Бул жолу убакыттын тардыгына жана башка себептерге байланыштуу эркин тема деп койдук. Кийинкилеринде сөзсүз бир темага байлайбыз, башкача айтканда мугалимдер күнүнө, дарыгерлердин майрамына, мектеп окуучуларына, дегеле кесиптик майрамдарга карата болот.

Бул долбоор Улуттук телеканал менен биргеликте үчүнчү ирет өткөрүлүп, жалпы журтка көрсөтүлөт. Уюштуруучулардын айтуусунда көрүүчүлөрдүн арасында ар кыл пикирлерди жараткан.

- Бирок кандай болгон убакта да күлкү кыргызга керек. Өзгөчө азыркы жашоодо. Жок-жок деген заманда жылмайып турса, жүзүнөн күлкү кетпей дейт элем. Кыргыз канча жашоодо жашап келсе деле ууртунан күлкү, көмөкөйүнөн ыр кеткен эмес да. Анан куудулдардын чогулуп атканы өтө жакшы нерсе - деген оюн бидирди куудул Келдибек Ниязов.

Келечекте мындай “Куудул отуруш” айыл жерлеринде да өтүп, анда эл арасынан куйкум сөздүү таланттар тандалат.

“Чоңко” маданий борбору ошондой эле алдыда эл аралык деңгээлдеги күлкү фестивалын, салтка айланган жаш куудулдардын фестивалы жана кыргыз элинен чыккан белгилүү куудулдардын мааракелерине арналган иш-чаралар уюштурулат.
XS
SM
MD
LG