Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Жолдо жүрүүнүн эрежелери өзгөрдү


1-июндан тарта Кыргызстанда жол эрежелеринин жаңы тартиптери иштей баштады. Эми айдоочулар машинеде баратканда, чөнтөк телефон менен сүйлөшө алышпайт, жолдо башка машинелер менен анча катуу эмес кагышуу болсо, айдоочулар маселени ошол эле жерде, МАИ кызматкерлерин чакырбай туруп, чечип алышса болот.

МАИнин жол көзөмөлдөө жана административдик чара көрүү бөлүмүнүн башчысы Ыманалы Саркуловдун айтымында, жаңы эрежелерде адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурулган. Маселен, башта МАИ кызматкери айдоочуну токтоткондо, анын документтерин жөнөкөй кийимчен МАИнин штаттык эмес кызматкерлери текшерсе болот эле. Ал эми азыр милициянын өкүлү гана токтотуп текшерүүгө укугу бар.

Ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүндө шаар көчөлөрүн жаңыртып, жолдоо кооптуу абал туудуруп, унааларды баш аламан айдоого тыйуу салынды.

Ыманалы Саркулов
- Уюшулган колонна сөзсүз түрдө МАИ кызматынын транспорту менен коштолушу керек. Андай болбой, беш-алты машине уюшуп фараларын күйгүзүп жүрүүгө тыюуу салынат. Ошол эле убакта ар бир айдоочу өзүнө тийиштүү жол эрежелерин сакташ керек,
- дейт И.Саркулов.

Бул эрежени бузгандарга 100 сом айып пул каралган. Эгер мындай тартип бузуу бир жыл ичинде үчтөн ашса, анда айдоочуну айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу соттук тартипте каралат. Үйлөнүү-үлпөттөрүн болсо МАИ кызматкерлери коштобойт.

Өзгөртүлгөн эреже боюнча унааларга атайын сиреналык үн чыгарган, же болбосо, ар кандай түстө жалтылдаткан светтерди катардагы жарандык унааларга орнотууга тыйуу салынган. Мындай жабдуулар мыйзам боюнча атайын мамлекеттик кызматтагы же ИИМ уруксат берген унааларга гана орнотулса болот.

Ошондой эле олуттуу эмес, майда-барат жолдогу кагылышуу же чийип кетүү болгондо, кырсыкка кабылгандар окуя болгон жерде өз ара чечишип, тарап кетишине жол берилет.

- Эгер эки шопур бири-бири менен келишип, жол эреже ким тараптан бузулганын ордунда аныктаса, МАИ кызматын чакырбый эле койсо болот. Бирок болгон кырсык тууралуу сөзсүз жакынкы МАИ кызматына келип каттатып кетүүгө тийиш. Андан машинесин оңдотууга керектүү справкаларды алып кетишет, - деген Ыманалы Саркулов эгер жөө жүргөндөр жолдо өтүү эрежелерин бузса, аларга да жаңы эреже боюнча чара көрүлөөрүн кошумчалады.

39 жаштагы шаар тургуну Айдар таксист болуп иштейт. Ал соңку мезгилде жолдо жүрүү эрежелеринде өзгөртүүлөр болуп жатканына канааттанарын билдирип, тартипти күчөтүүдөн жакшы натыйжа болоруна ишене турганын айтты.

- Шаарда машинелердин саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жол кырсыктары да көбөйдү. Ошондуктан жол эрежелерин катулатуу чаралары туура деп ойлойм.

Ал эми дагы бир Бишкектин тургуну Гулазира Самудинова, шаарда айдоочулар да, жөө жүргөндөр да кооптуу абалды пайда кылып, бири-бирин сыйлашпайт деген пикирин билдирди.

- Айдоочулар таптакыр “наглый” болуп бүтүштү. Жөө адамдар жолду кесип өтчү жерлерде таптакыр карашпайт. Керек болсо кайра сүзө айдап качырышат. Жөө жүргөндөр да өз коопсуздугун ойлогондун ордуна, жол ортосуна чыга калышат. Кыскасы эки тарапта тең бири-бирин сыйлоо байкалбайт.

Коомчулукта милициянын ишине нааразылык көп айтылат. Анын ичинде МАИ кызматкерлерине арыздангандар да аз эмес. “Эгер айдоочуга орой мамиле кылып же кызматын туура аткарбаган инспектор кабылса, жарандар даттанып арызын прокуратура же ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине тапшырса, аларга карата тийиштүү чаралар көрүлөт”, - дейт жол көзөмөлдөө жана административдик чара көрүү бөлүмүнүн башчысы Ыманалы Саркулов.

XS
SM
MD
LG