2017-жылкы жардырууга байланышы бар деп айыпталган кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттардын үстүнөн кезектеги сот отуруму 11-апрелде болду. Темир тор артында айыпталып отурган мигранттарды атайын бөлүктүн аскерлери көзөмөлдөп турушту.
Жабыркоочу адилет өкүм сурады
Соттолуучулар бул ирет да метродогу кылмышка катышы жоктугун белгилешти.
Жараян учурунда жардырууда жабыркагандардын бири, күбө катары көрсөтмө берип жаткан 30 жаштагы Заур Велиев сот төрагасынан адилеттүү болууну жана күнөөсү жокторду камакка албоону сурады. Ага сөз берилген учурда алгач темир тор артында отургандарга кайрылды:
"Көптөгөн адамдар набыт болгонуна, мен өзүм да ошол учурда өлүп калышым мүмкүн экенине карабай, мен силерге карата адилеттүү өкүм чыгарылышын, күнөөсүз адамдар ак жеринен соттолуп кетпесин деп, соттон суранам”,- деди ал.
Заур Велиевдин бул сөзүнөн кийин сот залында бир саам жымжырттык өкүм сүрүп, бир аздан соң темир тор артында отурган өзбекстандык Шахиста Каримова ага “Сизге чоң рахмат!” – деди.
Эки жыл мурда камакка алынгандардын бири Шахиста Каримова ал кезде кафеде идиш жуучу.
Террорчу деп айыпталгандар - ага-ини Аброр жана Акрам Азимов, ага-ини Ибрагим жана Мухаммадюсуф Эрматов, Шахиста Каримова, Махамадюсуф Мирзаалимов, Дилмурод Муйдинов, Сайфулла Хакимов, Бахрам Эргашев, Садык Артыков жана Азамжон Махмудов.
Алардын адвокаттары тергөө маалында кыйноого кабылганын бир канча ирет айтып чыгышкан. Сот быйыл 2-апрелде башталган.
Кыргызстандыктарга коюлган доо
Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо 2017-жылдын 3-апрелинде болгон жардыруу 16 адамдын өмүрүн алган.
"Метродо өзүн жардырган жанкечти” деп Кыргызстандын Ош шаарында туулган, Орусиянын жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржон Жалиловдун аты аталган. Ага кол кабыш кылган деп теги кыргызстандык бир канча адам кармалган. Бирок алар куру дооматка кабылганын айтып, акыйкаттык издеп жатышат.
Орус бийлиги теракт деп мүнөздөгөн бул окуяга ушул күнгө чейин бир да террордук топ жоопкерчилик алган жок.
Кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенген ишкер Заур Велиев метродо жардыруу болгон учурда Акбаржон Жалиловдон эки кадам ары турган жана тирүү калган жалгыз күбө. Заурдун кабыргасы сынып, бир кулагынан жараат алып, эки ай ооруканада жаткан. Ошондой эле ал моралдык жана материалдык зыян үчүн компенсация сурабаган жалгыз жабырлануучу.
“Акча ден соолукту калыбына келтирбейт жана болуп өткөн окуяны өчүрүп сала албайт. Андыктан компенсация суроонун кандай кажети бар? Кээде тирүү калганыма таң калам. Ошол кез дагы эле эсимде, вагонго кирген көз айнекчен жигиттин бозоруп кеткен жүзү, анын артынан бир канча мүнөттөн соң болгон жардыруу дале менин эсимде”,- деди Заур Алиев.
Кыргызстандык Аброр Азимов 2017-жылы 17-апрелде Москва облусунда кармалган. Ал кезде Аброр Москванын четиндеги “Лесное” кафесинде суши жасап иштеп жүргөн. Анын колго түшкөнү тартылган расмий тасмада жанынан тапанча чыкканы көрсөтүлгөн. Тергөө комитетинин маалыматында ал жардырууга кол кабыш кылды деп шектелип жатканы айтылган.
Арадан эки күн өтүп Абрордун агасы, 29 жаштагы Акрам Азимов колго түшкөнү тууралуу расмий маалымат чыккан. Акрам бир тууганы катышты делген кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелүүдө.
Ата-энесинин айтымында, улуу баласын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандан алып кетишкен. Ал кезде шектүү Оштогу “Хосият” деген жеке менчик ооруканада гайморит оорусунан дарыланып жаткан.
Бирок төрт күндөн кийин таратылган расмий кабарда Акрам 19-апрелде Москвадан кармалганы, жанынан жардыргыч зат чыкканы көрсөтүлгөн. Жакындары жана адвокаты эки бир туугандын кармалышы Федералдык коопсуздук кызматынын атайын уюштурган “кожо көрсүн сценарийи” деп боолгошот.
Орусиянын коопсуздук күчтөрү теракт уюштурду деп шектелген ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимовду да 2017-жылдын 14-декабрында Москвадан кармаган. Кийинчерээк аны орус жарандыгынан ажыратып, Кыргызстанга депортация кылышкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги болсо, бул маалыматты тастыктаган да жок, төгүндөгөн да эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ага-ини Азимовдор Орусиянын жараны болгондуктан, аларга байланыштуу ишке Кыргызстандын атайын кызматы комментарий бербестигин айтып келет.
2017-жылдын 3-апрелиндеги жардыруу Санкт-Петербург метросунун “Технологический институт” жана “Сенная площадь” станцияларынын ортосунда болгон. Өлгөн 16 адамдан тышкары 103 киши жараат алган.
Орусиянын Тергөө комитети иликтөөдөн кийин жардыруу "Катиба Таухид валь-Жихад" деп аталган диний уюмдун буйругу менен ишке ашканын жарыялады. Жакынкы Чыгыштагы кагылыштарга тиешеси бар экени айтылган бул диний топтун лидеринин да теги кыргызстандык экени кабарланган. Бирок аталган топ жардырууга тиешеси жоктугун билдирген.
Ал эми жанкечти аталган Акбаржонду жакшы тааныгандар ал мындай ишке бара турган жигит эместигин айтып, “курулай доомат болушу мүмкүн” дешкен эле. Акбаржон ошол метрого түшүп калган үчүн жооптуу болуп калдыбы, же Орусиянын атайын кызматтары билдиргендей, чын эле анын манжа издери башка жердеги жардыруучу зат салынган баштыктан табылганы аныкпы? Акбаржон өзү да ошол метродогу жардыруудан мерт болуп, өзүн коргой албайт. Жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы табышмак бойдон калууда. Кармоолор Федералдык коопсуздук кызматынын атайын сценарийи менен жасалганы айтылып жүрөт.
"Жандырмагы жок жардыруу" тасмасы:
Макала "Азаттыктын" өзбек кызматы сот залынан даярдаган репортаждын негизинде жазылды.