Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жоодонбеков: Билим берүү бизнестин колдоосуна муктаж


Асылбек Жоодонбеков
Асылбек Жоодонбеков

Бүгүн Бишкекте өтө турган «Билим берүү мекемелери менен бизнестин кызматташуусундагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» жыйынын утурлай “Азаттык” билим берүү маселелери боюнча эксперт, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун өкүлү Асылбек Жоодонбековду кепке тартты.

“Азаттык”: Кыргызстанда 50гө жакын жогорку окуу жай бар. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө мындай кызматташтык жолго коюлган, жакшы үзүрүн берип келатат. Кыргызстанда бул сыяктуу тажрыйба барбы же бүгүнкү иш-чара ага башат болобу?

Жоодонбеков: Көпчүлүгүбүз буга чейин Совет мезгилинен бери калыптанып калган “билим берүү – бул мамлекеттин иши, мамлекет колго алышы керек, балдарыбызды бекер окутушу керек, себеби Башмыйзамда ошентип жазылган” деген түшүнүк менен келатабыз. Натыйжада коомчулук да, бизнес өкүлдөрү да жогорку окуу жайда билим берүүнү туура уюштурууга катышпай келген. Бизнесмендердин буга өз себеби болду. Анткени алар эми гана белгилүү бир деңгээлде капиталын топтоп, эми коомго да пайда келтирели, өнүктүрөлү деген ниетте болууда. Бүгүнкү иш-чара да ишкерлердин демилгеси менен уюштурулуп жатканы абдан кубанычтуу.

“Азаттык”: Мындай кызматташтык бизнес багытында окуткан окуу жайларга гана тиешелүүбү же бардыгынабы?

Жоодонбеков: Жалпы бардыгына. Бүгүнкү талкууга мектептеги билим берүүдөн тарта жогорку окуу жайларга чейин өкүлдөр катышат. Билим жана илим министри Элвира Сариева өзү келатат. Ошондой эле Кыргызстанга аты таанымал болуп калган бизнес бирикмелердин жетекчилери катышат. Жогорку окуу жайлардын ректорлору, адистер да чакырылган.

Чет өлкөнүн тажрыйбасын карап көрсөк, мисалы, биз менен терең кызматташып келаткан Түркияда Сабанчи университетин мисалга тартсак болот. Анын өзүнүн атайын мектептери бар. Бизде да бара-бара депутаттар жана билим берүү кызматкерлери биригип, ушундай кызматташтыкты жөнгө салуучу мыйзамдарды иштеп чыксак жакшы болор эле.

Эгер бала бакча же мектеп, университет ачкан бизнесмендерге мамлекет жеңилдик берсе, алар өз капиталын билим берүү тармагынын өнүгүшүнө жумшоого умтулат. Башкача айтканда, мамлекет бизнеске кол сунса ишкерлер да кол берип, кызматташуу башталат. Билим берүү мекемелери мамлекеттин моюнуна минип эле отура бербестен, бизнес коомчулук менен бөлүшүп, окутуунун сапатын арттырууга өбөлгө түзүлөт.

Менин жеке тажрыйбам көрсөткөндөй, АКШда да бизнес, экономика тармагы үчүн адистерди даярдаган университеттер Билл Гейтс сыяктуу мыкты бизнесмендерди чакырып, семинарларды уюштуруп, атайын сабактарды өткөрүп жатканы өтө маанилүү. Ал эми бизде көпчүлүк учурда теория менен гана алектенген адамдар болуп, алар ошондон чыга албай келатат.

Жашоого даярдыгы бар, өз алдынча иш алып кете ала турган мыкты адистерди даярдоо үчүн биздин жаштарда да тиешелүү көндүмдөр болушу шарт.

“Азаттык”: Бүгүнкү иш-чараны ЖИА ассоциациясы уюштуруп жатыптыр. Айтсаңыз, биз кеп кылып жаткан кызматташтык кимге көбүрөөк керек жана пайдалуу? Ишкергеби же окуу жайгабы, студенткеби?

Жоодонбеков: Бул жалпы эле коомго керек десек туура болчудай. Сиз жогоруда айткандай, учурда Кыргызстанда 50дөн ашык жогорку окуу жай бар. Бирок ошол эле кезде бизнес өкүлдөрү азыркы шартта керектүү, заманбап адистер жоктугун айтууда. Биздеги жогорку окуу жайлар экономисттин да, юристтин да, башка адистиктегилерди да шагыратып даярдоодо. А бирок алар алган дипломун чөнтөгүнө салып алып же Орусияда жумушчу болуп жүрөт же такыр эле иш таппай отурат.

Иш берүүчү менен окуу жайдын ортосунда байланыш жок.

Же баланын колунда диплому бар, ишти өз алдынча баштап же улантып кете тургандай көндүм, илимий термин менен айтканда, компетенциясы жок болууда.

Ошондуктан окутуунун азыр киргизилип жаткан жаңы стандарттарынын да максаты – окуучуларга, студенттерге даяр, жаттамай билим гана бербестен, компетенцияны калыптандыруу керек. Мунун бир жолу – ишкерлер менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты орнотуу жана өнүктүрүү.

XS
SM
MD
LG