Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Эмнеге мактанабыз?


Эзелтеден эӊсеп келген элибиз,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эси жоктор бийликте турган кезде,

Ээси жок тебеленди атканабыз.

Эӊсеп келген элибиз эчен кылым,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Электрди эсепсиз өндүрсөк да,

Тезек отко жылынып кактанабыз.

Энчисине элибиздин тийген деп,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эгилбестен ээн калса да жерлерибиз,

Эринбестен той берип шаттанабыз.

Эркиндикти белек кылган Эгем деп,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эӊшерилип баратса да эл байлыгы,

Эбин тапкан эки жейт деп актанабыз.

Эч нерсени кыйратпадык, а бирок,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эл башчылар убаданы бересиӊер,

Эми качан аларды аткарабыз?

Ээлебесин ээр-токумун бийликтин,

Эрки жоктор акылсыз келжектеген.

Эр көкүрөк азаматтар биригишип,

Элибизди көтөрүшсүн эмгек менен.

Элибизде сөз калган илгертеден,

Эсиӊ барда этегиӊди жапкын деген.

Эсибизге келели, жерге житсин,

Эсиргендер кутуруп жанын жеген.

Туура багыт алалы, оӊдой билип,

Жыйырма жылда кетирген каталарды.

Эгемендүү өлкөнү алга сүрөп,

Кыргыз элим, анан биз мактаналы.

Илияс Сексенбай, Бишкек шаарынын тургуну

XS
SM
MD
LG