Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

Америкалыктар шайлоого көңүлкош


Добуш берүүгө чакырган плакат
Добуш берүүгө чакырган плакат

Кошмо Штаттарда бир айдан ашык жашап жатып, бул жактагы президенттик шайлоо өнөктүгү Кыргызстан же Европадагыга такыр окшобогонун байкадым. Бул балким менин чоң шаарда эмес, райондун бир чоң маалесинде жашаганыма байланыштуу чыгаар. Эмне үчүн АКШдагы шайлоо биз билген шайлоого окшобойт дегенимди түшүндүрөйүн.

Үйгө бир да жолу президентке талапкерлер: демократ Хиллари Клинтонго же республикачыл Дональд Трампка добуш бер деген, же алардын шайлоо программасы тууралуу үгүт кагаздары келбеди. Сурасам мен Балтиморго келгиче деле келбептир.

Мэриленд штатынын ар тарабындагы соода борборлорунда, атактуу Жон Хопкинс университетинин башкы кампусунда, штаттын административдик борбору Аннаполисте, штаттын эң чоң шаары Балтимордо, 100 миң калктуу Колумбия шаарында, 1772-жылы негизделген Элликотт-Сити деп аталган тарыхый поселокто, эки-үч мектепте, мен жашаган Овингс Милл коммюнитисинин китепканасында, кинотеатрда, спорт залдарда, мекемелердин кеңселери жайгашкан бизнес борборлордо, ресторан-дүкөндөрдө президенттик шайлоого тиешеси бар бир да плакат же билборд көрүп кезиктирбедим.

Бир көргөнүм Овингс Миллден Балтиморго кеткен кайсы бир чоң жолдун боюндагы Соода борборуна бурулган жайдагы чырактын мамысындагы “Tramp - Pence Make America Great Again” деген чакан билборд болду. (Майк Пенс республикачылардан вице-президентке талапкер. “Американы кайрадан бакубат кыл!” Бул Трамптын шайлоо өнөктүгүндөгү девизи).

Дагы бир жерде төрт жолдун кесилишиндеги мамыда да Трамп деген жазуусу бар эки-үч карыштык плакатты көрдүм. Башка жазууларын окуй да албадым. Анан да Балтимордун ортосундагы бир күркөдө мушкерлердин Хиллари айым менен Дональд мырзанын сүрөтү түшүрүлгөн желим мээлейи сатылып жатыптыр. Кейпи, эки талапкер тең товардык маркага ылайыксыз окшойт.

Чоң шаарлардан тыш жерлерде эң популярдуу коомдук транспорт -автобус жүрбөйт. Ошого жолоочулар президенттик шайлоо жөнүндө сүйлөрүнө көзүм жетпейт. Себеби, былтыр Нью-Йорктон Балтиморго үч жарым саатта автобус менен келеатып, жүргүнчүлөрдүн өз ара сүйлөшкөнүн укпагам.

Коомдук жайлардагы мындай саясый вакуумга чыдабай ысык саламыбыз бар, бирок чечиле баарлашпаган тааныштарыма кайрылууну чечтим. Мен сыяктуу эле небересин спорт залга алып барып жүргөн, жашы мен курактуу Чарльз деген 60тан ашып калган таанышыма «АКШдагы шайлоо Чехиядагыга такыр окшобойт турбайбы. Элди тиги, же бул талапкерди колдогонго үгүттөгөн бир да плакат көрбөдүм. Маанилүү саясий өнөктүк аябай тынч өтөт турбайбы?» дедим. Ал Европада да иш жүргүзгөн чоң фирмада иштейт. «Талапкерлер начар болуп жатпайбы! Ошого эл кимди колдоорду билбей жатат. Жагдай түшүнүксүз”, - деди.

Хэллоуин күнкү майрам маалында Жен деген башка бир таанышыма суроо салсам: “Эки талапкер жөнүндө тең жаман маалыматтар көп болууда. Кимге добуш берүүнү да билбейсиң. Мурда мындайды көргөн эмесмин. Бул эң жаман шайлоо болууда», - деген пикирин айтты.

Токойдогу чыйыр жолдо неберемди арабага салып айдап жүрсөм, 70 жаштагы бир аял менин тек-жайымды сурап калды. Учурдан пайдаланып мени кызыктырган шайлоону сурадым. «Эки талапкер тең калпычы адамдар. Татыксыз адамдар кантип президенттикке талапкер болуп калганы түшүнүксүз. Мурда мындай эч качан болгон эмес», - деди мурда бир компанияны жетектеген байбиче.

Вашингтондо бир ишкер адам менен чай үстүндө сүйлөшкөндө: «Көпчүлүк жаман жана эң жаман талапкердин кимисин тандоону кыйналууда. Медиада Хиллари Клинтон «жуурканды өзүнө гана тарткан адам» деген сыяктуу пикирлер арбын. Бирок Хилларини жакын билген досторум, аны ишенимдүү жакшы адам дешет. Трампты ишкерлер чөйрөсүндө начар бизнесмен деп билишет. Бирок көңүл бурчу нерсе добуш берүүгө шайлоочулардын 60 проценти катышарын социологиялык сурамжылоолор көрсөтүүдө. Мурда шайлоого 50-53 проценттен ашык адам катышкан эмес» - деди. Ошондой эле Вашингтондо эч качан республикачыл партиянын өкүлдөрү жеңишпегенин, 8-ноябрда да вашингтондуктар салтты улантып, Хиллари Клинтон үчүн добуш берише турганын айтты.

Ушундан улам саясий-экономикалык абал стабилдүү өлкөдө калың элдин саясат менен көп деле иши болбойт окшойт деген оюм бекемделди.

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG