Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

23:27 20.11.2020

Садыр Жапаров: Баш мыйзамга каршы чыгып жаткандардын чыныгы жүзүн жакында ачам

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун сындап жаткандарга жооп берди. Ал «Инстаграмдагы» баракчасына "бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору" деген пикирин жазды.

«Бул Баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул - бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам. Бул Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам» деп жазды Жапаров.

Буга чейин «Инстаграмдагы» аталган аккаунт верификациядан өткөнүн тастыктаган расмий белги жок болгондуктан, «Азаттык» өкмөт башчынын басма сөз кызматына кайрылган. Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев аккаунт Садыр Жапаровдуку экенин тастыктады.

23:25 20.11.2020

Депутат Жапаров: Конституциянын долбоорун президенттин аппараты менен өкмөт иштеп чыкты

Конституциянын жаңы долбоорун президенттин аппараты менен өкмөт иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров 20-ноябрда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, парламенттин депутаттары референдум жөнүндө мыйзамга кол коюп, коомдук талкууга чыгарды. Ал мыйзамдын тиркемеси – бул Конституциянын жаңы долбоору.

Жапаров башка депутаттар үчүн жооп бере албай турганын, өзү мыйзам долбоорун окуп, анан кол коёрун билдирип, «Баш мыйзамдын долбоорунун демилгечилери кимдер?» деген суроого мындайча жооп берди:

«Президенттик администрация, Юстиция министрлиги, өкмөт иштеп чыккан экен. Иштеп чыккандар катары юристтер алып чыкты. Бирок башында, кечээ күнү деле интервьюсу болду, Садыр Нуркожоевич өзүнүн ой-пикирлерин айткан экен. Ошол ой-пикирлер бул Конституцияда бар. Аткаруу бийлигинин башында президент болсун, сот бийлигин көз каранды эмес кылалы деген аракеттер. Анан парламенттин депутаттарын 120 эмес 90 кылалы да 35и жергиликтүү (бир мандаттуу) шайлоолордон өтсүн, калган 55и партиялык тизме менен өтсүн деген».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

23:23 20.11.2020

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун авторлору - ага кол койгон депутаттар

Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болгон депутаттар. Бул тууралуу 20-ноябрда Баш мыйзамдын референдумга коюла турган вариантын иштеп чыгыш үчүн 20-ноябрда түзүлүп, дароо ишке кирген конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди:

«Автору – демилгечи болгон депутаттар. Конституциялык кеңешмеде талкуулап бүткөндөн кийин биз, кеңешменин 85 мүчөсү авторлош болуп калабыз».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, мыйзам долбоорунун демилгечилери 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

23:22 20.11.2020

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча сын айткандар көп, бирок сунушун бергендер аз болууда деп эсептейт.

20-ноябрда кеңешменин алгачкы жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал иш 15-20 күндө жыйынтыкталарын, бардык сунуштар кабыл алынарын айтты:

«Жогорку Кеңеште 17-ноябрда чыккан долбоорду биз жакшыртышыбыз керек. Кемчиликтер болуп жатат, ал долбоорго карата сын-пикирлер айтылууда. Сын-пикирлерди биз туура түшүнүшүбүз керек. Бизде сын айткан көп, бирок сунуш кылган аз. Ошондуктан, кимде-ким сын айтса, ага биз ыраазыбыз».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлду. Анын демилгечиси катары Жогорку Кеңештин 80 депутаты көрсөтүлдү. Кийин айрым депутаттар демилгечи болуудан баш тартып, кээ бирлери жаңы долбоорду көрбөгөнүн, окубаганын, жазууга катышпаганын билдиришти.

Ал эми Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору ошол 80 депутат экенин, эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да автор болуп каларын айтууда. Бөрүбашевдин билдиргенине караганда жаңы долбоор президенттик башкаруу формасына негизделет.

Бул долбоорго каршы болгон коомдук-саясий күчтөр Конституция өзгөрсө Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланат деп кооптонууда. 20-ноябрда Бишкекте бир топ саясатчылар «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйын өткөрүп, жаңы долбоорду кескин сындашты. Бул жыйынга катышкандар конституциялык кеңешменин курамына киргизилген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG