Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

11:21 20.11.2020

Клара Сооронкулова: Мен кечээ салыштырып карап чыктым. Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун 50% 2007-жылдагы Баш мыйзамдын көчүрмөсү экен. Ага Венеция комиссиясы өтө коркунучтуу деп баа берген. Азыр оору күчөп, күндө киши өлүп атат. Биз COVID-19 менен күрөшүү ордунда Баш мыйзамды талкуулап атабыз.

11:26 20.11.2020

Бектур Асанов: Минтип талкуулап отурбай кескин чараларга барышыбыз керек. Жакында биздин сотубуз болот. Анда бизди актабай кое албайт, бирок сотту жылдырып шайлоого катыштырбай коюшу мүмкүн. Ошол себептүү биз кургак ачкачылык жарыялайбыз. Эгер биз катышпасак, Садыр Жапаров да катышпашы керек. Анткени анын кылмыш кылганы чын. Мен анын бир тууган жээни менен бир камерада жаткам. Ал айткан агалары кишини барымтага алууга буйрук бергенин. Биздин күнөөбүз далилденген эмес. Аныкы далилденген. Мен митинг уюштурууга чакырам. Буларды элдин күчү гана токтотот. Мен кечээ Түркмөнстандын Баш мыйзамын окуп чыктым. Өтө сабаттуу жазылган экен. Булардыкы андай болбой жатпайбы. Диктатураны да жашына, сабаттуу кылыш керек да.

11:28 20.11.2020

Экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан жыйында Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан долбоору боюнча пикирин айтып жатып, бийликти эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды. Отунбаева учурда эл аралык коомчулук Кыргызстанга көз салып жатканына эскертип, алардын колдоосунан кур жалак калуу коркунучу бар экенин белгиледи:

«Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет. Кыргызстандын бюджети эң жакшы дегенде 2 млрд. долларды түзөт. Анын 20% чейинкиси жөн гана сырттан келген гранттык жардам. Азыр ансыз дагы казынабыз тешилип турганда бизге баары сырттын салып коюу тобокелчилигине барып жатабыз», - деди Отунбаева.

Ошондой эле Отунбаева Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган» деген сынына жооп берди.

«Мен мырза Садыр Жапаровдун 2010-жылы жазылган Конститутция бир адамдын жана бир ууч топ үчүн жазылган деген сөзүн жакшы түшүнгөн жокмун. Баарыбыздын эсибизден чыгып кете элек. Эл аралык баа берилгенин баары жакшы билет. Ал айтылган чындыкка дал келбейт. Мен азыркы бийликти чакырып кетем. Эмнеге ушундай билимдүү, акылдуу коомчулукка таянса болбойт», - деди экс-президент.

Бишкекте 20-ноябрда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликти узурпациялоого каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өтүп жатат.

11:37 20.11.2020

Исхак Масалиев: Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартуу азыркы мыйзамга жол ачууда. Парламенттин мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. Салык төлөөчү катары мен бул парламентти баккым келбейт. Садыр Жапаровго жана тарапташтарына айткым келет, кандай келсе ошондой кетет. Мен президенттик башкаруунун жактоочусумун. Бирок азыркы жаңы долбоорду колдобойм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG