Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Кыргыздын сакурасы - жапайы бадам

2010-жылдан тартып Кыргызстанда экологиялык активисттер жер кыртышын бекемдөө максатында өз алдынча аракет кылышып, бир нече гектар жайытты ижарага алып, тосушуп, жапайы бадамдын уругун сээп келишет.

Экологдор жапайы бадам өзгөчө багууну, сугарууну талап кылбаган, тез өскөн бадал болуп, чөлдөшүп бараткан кыртышты бекемдеп, жер көчкү, сел жүрүү коркунучу бар коктулардын топурагын бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимде.

Жайыттарга бадам өстүрүү менен климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга тийгизген таасирин аз да болсо азайтуу максаты жана кыргыздын жапайы бадамын Жапониянын сакурасындай деңгээлге чыгаруу идеясы алгач эколог Гамал Сооронкуловдон чыккан. Ал кичи мекени Таласта бадам эге баштап, кийин өзүнүн тилектештерин Ош, Жалал-Абаддан тапты.

XS
SM
MD
LG