Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Капчыктуу күйөөгө ишенген заман өттү


"Золушкалардын" заманы артта калгандай, Ханзаада Уильям менен Кейт Мидлтондун тою, Британия
"Золушкалардын" заманы артта калгандай, Ханзаада Уильям менен Кейт Мидлтондун тою, Британия

Экономикалык изилдөөлөр үй-бүлө бюджетине аялдын салымы эркекке караганда чоңураак болорун көрсөтүп, акыркы учурда эркектер үйлөнөр алдында аялдын кирешесине, билимине көбүрөөк карап калганы байкалууда.

Дүйнө жүзүндө толук кандуу иштеп, акча тапкан аялдардын кирешеси эркектер тапкан ар бир доллардан 77 центке аз. Америкадагы аялдар канчалык көп иштебесин, эркектерге салыштырмалуу жылына 11 миң 600 долларга аз маяна алышат.

Американын аялдардын улуттук укук борбору жыныстык жана расалык айырмачылыктан улам гана эмгекти баалоо төмөндөп жатканын аныктап, афро-америкалык аялдар толук кандуу иштесе да, башка расадагы аялдар менен эркектерге салыштырмалуу ар бир доллардан 64 цент кем аларын белгилеген.

Америкада иштеген аталардын маянасы жылына орточо 55 миң доллар болсо, ошол эле мезгилде балалуу энелердин иш акысы 38 миң доллар болду. Аялдардын иш акысынын улам төмөндөй берүүсү жашы илгерилеген сайын да байкалган. Маселен, 15 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндер толук кандуу иштеп, эркектерге салыштырмалуу 87,7 пайызга аз акы алса, 45 жаштан 64 жашка чейинки аялдардын маянасындагы айырмачылык 73,5 пайыз болгон. Ошондой эле картайган аялдардын пенсиясы да эркектерге салыштырмалуу төмөн экени катталды. Жогорку билимдүү, бир нече тил билген аял тынымсыз 12 жыл бою иштесе, 464 миң 320 доллар акча табат. Ал эми орто билимдүү аялдын кирешеси эгерде эс албай иштей турган болсо, 357 миң 680 доллар болот. 2012-жылдагы эсеп боюнча Америкада улгайган эркектердин орточо пенсиясы жылына 17 миң 170 долларды түзсө, аялдардыкы 13 миң 90 долларга араң жеткен.

Мындай теңсиздикке карабай, эркектерден ашып түшүп, 2007-жылдан бери аялдар дүйнөдө экономикага салымды көбүрөөк кошууда дейт Pew Research Center аналитикалык тобу.

Маселен, балалуу, иштеген аялдардын кирешеси кара жанын гана баккан, бойдок эркектерге салыштырмалуу 16 пайызга жогору экени аныкталды. Эгерде 1970-жылга чейин турмуш курууда эркектин гана материалдык статусу маанилүү болуп келсе, азыр заманбап эркек колукту издегенде анын билимине, чет тилдерди билүүсүнө жана кирешесине маани берүүдө. Ушундай тенденция Кыргызстанда да байкалып жатканына кошулат экономикалык серепчи Эркин Абдразаков:

- Азыр чынын айтканда, үйлөнөр алдында жигиттер болочок келинчегинин жогорку окууну бүткөнүнө, иштегенине, кайын-журтунун материалдык базасына көбүрөөк көңүл бура баштады. Үй-бүлөнүн экономикасында аялдын билимдүү, үнөмдүү жана иштеп каражат таба алуусу заманбап талаптардан болуп калды. Маселен, үйлөнөр алдында сураштырып, кыз канча тил билет экен, чет жакка чыга алуу мүмкүнчүлүгү барбы деген суроолор коюлууда. Албетте, канчалык аялдар билимге умтулуп, иштеп каражат тапса, өлкөгө да пайдалуу. Бирок дагы бир жагдай биздин көп тил билген, сабаттуу айрым кыздарыбыз чет өлкөгө кетип, ошол жакта биротоло калышууда.

Үй-бүлөнүн капчыгы үчүн аялдын жогорку, же орто билими да өзгөчө мааниге ээ. 1970-жылдары күйөөлөрдүн 28 проценти жогорку билимдүү болсо, 2007-жылы тескерисинче аялдардын 19 проценти жогорку билимге ээ болуп, эркектерден ашып түштү. Америкадагы 30 жаштан улуу айымдардын жылдык кирешеси 20-кылымга салыштырмалуу 2000-жылдан бери 44 процентке өстү. Питсбург университетинин окумуштуусу Жойс Эй Жойс аттуу социолог-экономисттин 2007-жылы дүйнөнүн мыкты китеби деп табылган “Аял, нике жана байлык” аттуу эмгегинде 2030-жылга чейин үй-бүлөдө киреше булагы мурдагыдай эркектер аркылуу эмес, аялдардан гана камсыз болуп калары айтылат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG