Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Италиядагы кыргыздар дипөкүлчүлүккө муктаж


Болот Абдыкадыров
Болот Абдыкадыров

Италиядагы кыргыздардын саны ар кандай маалыматтарга ылайык, 3-5 миң кишиге чамалайт. Учурда бул өлкөдө Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгү жок.

Италиядагы кыргыздар Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинин карамагына киришет. Женевадагы дипломатиялык өкүлчүлүк алыс болгондуктан паспорт, күбөлүк, расмий кагаз алуу же башка маселелер чыкса бир топ эле кыйналышат. Италиянын өзүндө консулдук ачуу маселеси бир нече жылдан бери козголуп келатат, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

Бул жөнүндө Италиядагы кыргызстандыктардын “Мекен” ассоциациясынын жетекчиси Болот Абдыкадыров да айтты.

"Азаттык": Сиздердеги маалыматтарда Италияда Кыргызстандын канча жараны жашайт деп айтылып жүрөт?

Болот Абдыкадыров: Расмий эмес маалыматка ылайык, Италиянын аймагында 3-4 миңге жакын кыргызстандык жүрөт. Биздин ассоциация жакын арада каттоо ишин жүргүзүүнү пландап жатабыз.

Элчи Гүлнара Искакова жана Болот Абдыкадыров
Элчи Гүлнара Искакова жана Болот Абдыкадыров

Биз атайын анкетаны иштеп чыктык. Ошол маалыматтарды Кыргызстандын расмий мекемелери менен да бөлүшүүнү көздөйбүз. Бир нече убакыт мурда биздин жарандарга консулдук жардам берүү үчүн Кыргызстандын элчиси Гүлнара Искакова келип кеткен. Алар да бизге көмөктөшөрүн айтышты.

Чынын айтканда бардык эле кыргызстандыктар каттоого турууну каалашпайт. Элди тартып, кызыктыруу үчүн лотерея уюштурдук, жеңүүчүлөргө баалуу байгелер берилмекчи. Башкача айтканда, анкетаны толтурган ар бири кишиге номур берилет, анан чүчүкулак кармашат.

"Азаттык": Кыргызстандан баргандар кайсы тармактарда иштешет?

Болот Абдыкадыров: Биздин мекендештер негизинен курулуш, базар өңдүү кара жумушта иштешет.

"Азаттык": Жетишкендиктери кандай?

Италиядагы кыргыздар
Италиядагы кыргыздар

Болот Абдыкадыров: Көп жылдардан бери жашап жүргөн кээ бир кыргызстандыктар арасында өз бизнесин баштагандар жолугат. Интернет-кафе, дүкөн ачкандар, мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдарда, долбоорлордо иштегендер бар. Эң жакшы жери соңку кездери бул жакка келип билим алган студенттердин саны өстү.

"Азаттык": Кандай көйгөйлөрү бар?

Болот Абдыкадыров: Акыркы үч-төрт жылдан бери дүйнөнү каптаган экономикалык кризис бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Италияга да залакасын тийгизип келатат. Жумуш табуу кыйындады.

Мекендештерибиздин көбү мыйзамдарды, юридикалык кээ бир маселелерди, Эмгек кодексинде каралган өз укуктарын билишпейт. Маяналарын алганда алданган учурлар болуп калат. Биз кеп-кеңеш жагынан жардам берүүгө аракеттенебиз. Ассоциациянын өзүнүн адвокаты бар. Ошондой маселелер чыкканда мекендештерди аларга жөнөтүп турабыз.

Италиядагы кыргыздардын балдары
Италиядагы кыргыздардын балдары

Италия мигранттар маселесинде башка өлкөлөргө салыштырмалуу либералдуу өлкө болуп саналат десем жаңылышпайм. Дарыгерлерге баруу деле проблема эмес, бирок биздин кишилер же колдору бошобой, же шалаакылык кылып, ден соолуктарын жакшы карашпайт. Үчүнчүлөрү болсо италян тилин билишпейт.

Биз жайында Кыргызстандан догдур алып келип, каалагандарды текшерүүдөн өткөргөнбүз.

Ал эми эң чоң көйгөйүбүз – Кыргызстан өкүлчүлүгүнүн алыстыгы. Биздин жарандар Италияда көп жылдардан бери иштеп жүрүшөт, үй-бүлө күтүшөт, балалуу болушат. Паспортторун жоготкон же документинин мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болбой койбойт. Жаңы төрөлгөндөргө күбөлүк ала алышпай кыйналышат. Сиздердин радио аркылуу Кыргызстандын өкмөтүнө дагы бир жолу кайрылып, элчилик, консулдук же соода өкүлчүлүгүн ачуу ишин тездетүүнү өтүнөт элек.

XS
SM
MD
LG