Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Рим сотун уткан Бактыбек


Бактыбек Ишатов. Сүрөт Европадагы кыргыздардын жолугушуусунда тартылган. 30-август, 2014-жыл
Бактыбек Ишатов. Сүрөт Европадагы кыргыздардын жолугушуусунда тартылган. 30-август, 2014-жыл

Италияда иштеген кыргызстандык Бактыбек Ишатов айлыгын толук төлөбөй койгон ишкананын ээсин сотко берип утуп алганын "Азаттыкка" айтып берди. Бактыбек 1994-жылы КУУнун юридика факультетин бүтүргөн. 2003-жылдан бери Италияда жашайт.

Ишатов: Мен 2009-2011-жылдары Рим шаарындагы мейманканалардын биринде башкы менеджер болуп иштегем. Ал кезде документтеримдин баарын мыйзамдаштырып, легалдуу иштеп калган кезим болчу.

"Азаттык": Италияга барганыңызга канча болуп калды эле ошондо?

Ишатов: 2003-жылы баргам.Ошентип 2,5 жыл иштегенден кийин мейманканадан кетип жатканда алар жалпы эсептеп, бир аз өлчөмдө гана акча беришкен. Көрсө алар мен үчүн мамлекетке салык төлөбөптүр. Андай учурда мага ишсиз калганда жөлөкпул берилбейт болчу. Өз укугумду коргош үчүн мен адвокат алып, Рим сотуна кайрылдым. Соттук териштирүү бир жылга созулду.

"Азаттык": Адвокатка көп акча кеткендир...

Ишатов: Адвокатка мен бир да тыйын төлөгөн жокмун. Соттун чечими менен анын эмгеги мени иштеткен кожоюндун эсебинен төлөнүп берилди.

"Азаттык": Кандайча?

Ишатов: Себеби биз адвокатым экөөбүз мейманкана ээси мыйзам бузганын далилдеп бере алдык. Мамлекетке төгүлбөй калган салыктарды да, менин 2,5 жыл иштеген айлык акымдын төлөнбөй калган суммасын да сот төлөтүп берди. Ошентип мен өз укугумду коргоп кала алдым.

"Азаттык": Сотко арыз жазып жатканда күмөн ойлор болгон жокпу, балким утулуп калсам эмне болот деген сыяктуу. Болбой эле бөтөн жерде өзүңүз мигрант болуп жүрсөңүз...

Ишатов: Жок. Себеби мен ага чейин мыйзамдарын окуп чыгып изилдегем. Анын үстүнө мен өзүм билимим боюнча юрист болгондуктан аракет кылып көрөйүн дедим. Эч болбогондо 50% утам деп үмүттөнгөм.

"Азаттык": Италияда бекер адвокаттык кызмат кимдерге көрсөтүлөт экен?

Ишатов: Адвокатты табыш кыйын. Бирок чамасы жетпегендерге бекер адвокат берилет. Кээде адвокаттар өздөрү демилге көтөрүп чыгат, тажрыйба топтоо үчүн.

"Азаттык": Мурдагы иш берүүчүңүз эмне себептен акчаңызды толук төлөбөй коюптур?

Ишатов: Себеби салык төлөөдөн качкан. Италияда салык өлчөмү өтө жогору.

"Азаттык": Соттон кийин алар тараптан сизге басым болгон жокпу?

Ишатов: Жок. Күнөөсүн моюнуна алып, мага чегерилген акчаны бир айдын ичинде бөлүп-бөлүп төлөп берди.

"Азаттык": Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

Ишатов: Мен 48 жаштамын. Жалал-Абаддан болом. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөм. Бишкектин Октябрь райондук сотунда бир нече жыл сот аткаруучу болуп иштегем.

"Азаттык": Италияга кандайча барып калдыңыз?

Ишатов: 2003-жылы 3 айлык окууга баргам. Бирок 90 күндүк визамдын мөөнөтү аяктагандан кийин да калып иштөөнү чечтим. Италия мыйзамдары боюнча чет жактан келгендерге легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет. Албетте, мыйзам бузбай жүрсөң... Алгачкы жылдары кыйын эле болду. Ачка-ток жүргөн күндөр башымдан өттү. "Сабырдын түбү сары алтын" дегендей, ошол күндөрдүн үзүрүн көрүп жатам. Алгач ресторан, пицерияларда, мейманканада иштедим. Азыр бир үй-бүлөнүн жеке айдоочусумун. Ишиме так экенимди көрүп кожоюнум мага балдарын да ишенип тапшырууда. Мен аларды мектеп, театр, эс алууга айдоочу болуп алып барып келип турам.

"Азаттык": Өзүңүздүн балдарыңыз жаныңыздабы?

Ишатов: Ооба. Колледжде туризм жана мейманкана бизнеси багытында билим алып жатышат.

"Азаттык": Чет өлкөгө кетип калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

Ишатов: Жок, өкүнбөйм. Кыргызстанда кесибим боюнча 20 жыл иштедим. Ар кимдин өз жолу бар да.

"Азаттык": Италияда кыргыздар көппү?

Ишатов: Неаполь, Римде Кыргызстандан келгендер көп. Болжол менен 5 миңдей адам. Орусияда мигранттарга талап күчөгөндөн бери бул жакка келгендер да көбөйдү окшойт. Италияга кириш кыйын, бирок келгенден кийин документиң туура болбосо да депортация кылбайт, легалдашып, мыйзам чегинде иштеп жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Бирок баштапкы кыйынчылыктарга туруштук бере албай, ичип кеткендер, таптакыр документсиз калгандар да болот, тилекке каршы. Андайларга туугандары менен байланышып, кайра кайтуусуна колубуздан келген жардамды бергенге аракет кылабыз.

"Азаттык": Кыргызстанга каттап турасызбы?

Ишатов: Ооба, жыл сайын барып турам.

XS
SM
MD
LG