Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Жалал-Абад санаторийинде иштегендердин кечиктирилген маянасы бериле баштады


Жалал-Абад курорту.
Жалал-Абад курорту.

Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлеринин ноябрь айынан тарта кармалып турган эмгек акысы толугу менен бериле баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган санаторийдин жетекчиси Максат Абышкаев билдирди.

- 30-декабрда кызматкерлердин ноябрь, декабрь үчүн эки айлык маянасы жана буга чейин кармалып калган сыйлык акылары да толугу менен которулуп берилди. Каражаттын тартыштыгына карабай биз жаңы жыл алдында кызматкерлерибизге жана башка төлөмдөр үчүн карызыбыз калган жок. Бирок кесиптик кошуундар федерациясы да санаторийге 12 млн. сом карызын которбой жатат, - деди Абышкаев.

Өткөн жумада Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлери эки айдан бери маяна албай жатканын айтып, “Азаттыкка” кайрылган болчу.

Жалал-Абад санаторийинде 175 кызматкер иштейт. Быйыл жумушчулардын маянасы 25% көтөрүлүп, орточо эмгек акы 9 миң сомдун айланасында болду. Санаторийдин жылдык кирешеси быйыл 90 млн. сомдон ашты. 300 орунга ылайыкташкан жайдан жылына 10 миңден ашуун адам эс алып кетет. (RsK)

XS
SM
MD
LG