Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:25

Жаңы тартып жаткан тасманын алгачкы монтажында жүрүп, жаңы жылдын алдында кесиптештер менен ресторанга барып калдым. Бизче айтканда корпоратив.

Тоо койнундагы кыштакты көздөй жол тартканда өзүмдү өзүм кандай кыйноого тушуктуруп жатканымды ойлогон эмесмин.

Ак-Тоого (французча «Монблан», Батыш Европадагы эң бийик тоо чокусу) бараткан жолдогу бул чакан жайда жети киши чогулдук. Жетинин бири Кыдыр болуп, баары франсуз, мен жалгыз кыргыз.

Сыртта чыкыроон суук. Терезеден көчөнун көркүн ачкан балатылар көрүнөт, Иштен кийин эми курсакты кампайталы деп камарабайм.

Бишкекте чет элдик коноктор дасторкондо жайнаган салат, боорсок, шорпого тоюп алышып, анан чара толтура бир койдун эти келгенде көргөн көздөрүнө ишенбей, «Силер чайга чакырбадыңар беле?!» деп азырга чейин айтып түгөтө алышпайт.

Ал эми бүгүнкү дасторкон азырынча жупуну. Аркы-теркини бажырашканча бош табакты, жанындагы бычак, вилканы тиктеп отурам.

Бир топтон кийин биринчиси келди. Чоң табактын чок ортосундагы оюкта бир нерсе турат. Эчкинин эжигейи кошулган ашкабак шорпо экен. Оюктун ортосунда бир укум чөйчөктө балмуздак салыныптыр.

Чайчы кыздан «Муну кантип ичет?» деп сурадым. Ал кашкая күлүп, «каалагандай жей бериң» деди.

Жанымда Иво отурган. Иво 40тардагы толмочунан келген, чачы сары, көзү көк музыкант киши, кесиптешимдин күйөөсү. Ага шорпо Оштун чайканасындагыдай кенедей чөйчөктө келди. Анысын туура 20 мүнөт ичти. Мен да билмексен болуп, кашыкты шашпай көтөрүп, аны шашпай балмуздакка матырып, анан эки жагымды карап, ойлонгон киши болуп, анан шашпай бир кашык балмуздактын учунан челип алып, анан шашпай оозума салам.

Кичинебизде тамакты көп жээр элем. Агам бир табакты зорго түгөтсө, мен сөзсүз эки табак жечүмүн. Кечээ жакында эле түшкү тамакты 5 мүнөттө эле ичип салсам, элдер мени эстери ооп карап калышчу. «Тамакты кандай тез ичсең, ошондой тез иштейсиң» деп койчумун. «Жайлап» калганым аз эле болду, бирок бүгүнкүдөй жай ичип көргөн эмесмин.

Төрт жарым кашык шорпону жана табактын чекесине кооздук үчүн «жайгаштырылган» семичкенин эки данын өтө жай кыймылдоо менен Иво менен тең түгөттүм.

Апам аябай сыйда киши эле. Нандын күйүгүн өзү жеп, бизге жакшысын берчү. Эки кабырга болсо да асып, эттен бизге кесип берип, сөөк мүлжүгөндү жакшы көрчү. Кандай тамак болсо да мүйөздөп, чымчыктай терип жечү. 80 жашында да кымча бел болгону ошондон болсо керек.

Бүгүнкү столдо отурган кесиптеш айымдарга көз жүгүрттүм. Жашы да, карысы да бир грам ашык салмагы жок, маралдай койкоюшат. Күлмүңдөшүп, турмушта алардан бактылуу эч ким жоктой, жайдары сүйлөп отурушат.

Ал арада ашпозчу балык алып келди. Үлпүлдөгөн кагаздын ичинде бышкан бир кесим филе экен. Жанында селдейген төрт селдерей, чекесинде баклажандын бүшүркөгөн бир тилими, анан таттуу картошкадан жасалган пюре.

“Биздеги тамактын баарын атамдын фермасында өскөн жашылча-жемиштен өзүбүз жасайбыз. Даам-татымга чөп-чардын түрүн өстүрөбүз. Нанды гана сатып алабыз” деди ашпозчу.

Бишкекте биздин үйдө май, эт дегенде Ат-Башыдагы мал кармаган куданын колун карайбыз. Анан Кара-Кужурда топоз кармаган курбумдун согум сойдурганын аңдып калабыз.

Кыргызстанда Франциядагыдай уйдун, балыктын өзүнүн сөөгүн өзүнө майдалап берип канибал кыла элек болушубуз керек, анткен менен бизде да базарда жайлоодо багылган малдын эти кайсы, чоң фермаларда литрлеп дары сайып, курамы белгисиз комбикорм менен багылгандыкы кайсы экенин ажыратыш кыйын болуп калбадыбы.

Табактагы пюре эки кашыктай бар эле. Муну аз эле дегенде 15 мүнөткө созоюн дедим. Өзүмдү Олимп оюндарында марафонго чыгып жаткан таш бакадай сезип отурдум.

Кесиптештер тамакты сөз кылса, мен бала чактагы бир окуяны эстедим. Бишкекке жаңы көчүп келгенде бир ирет биз ачка калып, таекем Нарындан акча алып келип берген. Апам сүйүнүп кетип, бүт акчаны капчыгына салып алып, бизди Луна паркка ээрчитип жөнөйт да, автобуста капчыгын түшүрүп койот.

Ошондо бактагы алмадан терип, агам экөөбүз көчөнүн боюнда отуруп саттык. Төрт алманы бирөө боору ооруп эле алды окшойт, тапкан 20 тыйындын 16 тыйынына дүкөндөн кара нан алып, үйгө энтигип чуркап келген элек. Ошондо жарыктык апабыздын кандай зээни кейигенин деле билбептирбиз.

Кыйын мезгилдер тез эле унутулат турбайбы. Курсагыбыз тоюп, ак нан жеп калган кезибиз. Итке кара нан чылап беребиз. Бир күнү үйгө киши келип калды. Апам агамды нанга жумшаса, ал “иттин нанын алып келейинби?” деп атпайбы. Ошондо апам коноктордон иттей уялдым деп калчу (атбашылыктар “өтө” дегенди “иттей” деп сүйлөшөт).

Ак-Тоонун этегиндеги ресторанда элдер бажырап, сүйлөгөндөрү баягы эле тамак. Иво жапон музыканттары Францияга келгенде кантип тирүү сегиз бутту (орусча осьминог, деңиз жандыгы) жешээрин божурады.

Бала чакта жаңы жылда сөзсүз манты жасачубуз. Фарштын жарымы кара кесек эт, жарымы куйрук май болор эле. Пиязды кошсок кошобуз, кошпосок жок. Бышканда калың камыр кургак, ичиндеги аккан май колума агып тоңуп калчу. Апабыз “муздай электе түгөтүп салгыла” деп шаштырчу.

Ошону менен Ак-Тоодогу кече уланып жатты. Көк көз Иво да балык алды. Гарнирге каймактай, кара түстөгү бирдеке бар экен.

”Кана ким айта алат, бул эмне?!” деп сурашты бир биринен. Көрсө кальмар деген балыктын “сыясын” бал муздакка кошуп коюшуптур. “Чыгармачылыктын жеткен чокусу!” деп баары тамшанышты. Мен да башымды ийкегилеп жаттым.

Кеч курун башталган корпоратив түн ортосуна барып аяктады. Беш саат ичинде тамактын тогуз түрүн жептирбиз, бирок баары биригип 150 граммдан ашкан жок окшойт. “Мага бул жер ресторан эмес эле, кыйноо камерасы болду” десем, тамашаны туура түшүнүштүбү, айтор баары каткырып күлүп калышты.

Байкасам курсагым куйрук-боор, быжыга тоюп, жаш козунун шорпосу менен беш бармак жегенсип зымпыят. Өзүмдү жеңил сезип турдум. Ак-Тоонун кара суугунда муздак абасынан кере-кере дем алдым.

Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG