Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөр кенин убактылуу башкарууну кыргыз өкмөтүнө берди.

Парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

17-майдын кечинде Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясы кенди көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керектигин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд Компани" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян үчүн айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

11:30 17.5.2021

Кумтөр алтын кенинде 1997-жылдан бери 12 адам каза болду. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында сүйлөп жатып компаниянын ишин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1997-жылдан бери кенде 61 кырсык катталган, 47 адам жараат алып, 12си каза болгон.

"Кумтөр Голд" компаниясы депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек.

11:40 17.5.2021

"Kумтөр Голд" ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

"Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен", - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес деген пикирин айтып, алардын ар бири убагында кендин ишин иликтөө боюнча комиссия түзгөнүн кошумчалады. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева комиссия түзбөгөнүн белгилеп, «бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп Кумтөрдү улутташтырып салса болмок эле» деп кошумчалады.

Жапаров атын атаган мурдагы жетекчилер жана "Кумтөр Голд" компаниясы бул тууралуу комментарий бере элек.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

12:24 17.5.2021

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө кенге убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча концессиясынын күчүн токтотууну жана “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылып жатат:

“Мамлекеттик комиссия 1992, 2003, 2009 жана 2017-жылдары Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, мамлекеттик суверенитетти бузууга багытталган, Кыргызстандын расмий өкүлдөрү коррупциялык мотивдер менен кабыл алынган деп эсептейт. Мамлекеттик комиссия “Кумтөр оперейтинг компани” боюнча 2013-жылы Жогорку Кеңештин токтомдорун аткаруу багытында кыргыз өкмөтүнүн 2013-2020-жылдардагы ишин натыйжасыз жана Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбейт деп табат”.

Концессия – инвесторго мүлктү, жерди жана анын ички казнасын убактылуу пайдаланууга берүү менен ээлик кылуу ишинин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө уруксат берүү.

“Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинде концессионердин иши элдин жашоо турмушуна жана ден соолугуна же экологияга реалдуу коркунуч келтирсе, ал ошол коркунучту четтетүү үчүн зарыл чара көрүү боюнча талапты аткарбаса өкмөт анын административдик-чарбалык ишине кийлигише алары жазылган.

“Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону 14-майда белгилүү болгон.

12:38 17.5.2021

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра" компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Тенгиз Бөлтүрүк "Центерранын" директорлор кеңешине 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Быйыл май айында бул кызматка кайра тандалган.

Ушул тапта кыргыз тараптан директорлор кеңешинде Дүйшөн Касенов жана Нурлан Кыштообаев иштеп жатышат.

"Центерра" ишканасынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Кеңешке мүчөлөр жыл сайын май айында шайланып турат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG