Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу абагында кармалат.
Атамбаевдин үйү азыр кандай абалда?
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өттү. Милиция менен Атамбаевдин тарапташтарынын кагылышуусу маалында үйү талкаланган.
1
Үйдүн ичиндеги таштар.
2
Алмазбек Атамбаевдин президент кезинде сүйлөгөн сөздөрү жазылган китеп.
3
7-августта УКМКнын «Альфа» тобу Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн суракка алып кетүүгө аракет кылган. Атайын кызмат желим октон башка курал колдонулбаганын билдирген.
4
5
6
7-августта Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.
7
Атамбаевдин тарапкерлери «альфачыларды» ур-токмокко алганы кабарланган. Эртеси күнү Атамбаев алты жоокер анын үйүндө кармалып турганын тастыктап, түштөн кийин алар коё берилген.
8
Тамак-аш.
9
10
11
Учурда Атамбаевдин туугандары үйдү тазалап жатышат.
12
13
14
15
Алмазбек Атамбаевдин көйнөктөрү.
16
17
Раиса Атамбаеванын сүрөтү.
18
19
Атамбаев 8-августта кармалды. Азыр ал УКМКда.
20
7-8-августта Кой-Ташта жүздөн ашуун адам жараат алды, алардын бири - атайын кызматтын офицери каза болду. Жабыркагандар арасында Атамбаевдин тарапкерлери да, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар.