Орусиянын миграциялык кызматында катоодо турган 650 миң кыргызстандык жаран бар. Түркия кыргызстандык эмгек мигранттары көп каттаган экинчи өлкө. Андан кийин Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары турат. 2017-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар которушкан.
Миграцияда өткөн жылдар
18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Акыркы 10 жылда чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны эки эсе көп.

1
Орусия кыргызстандык мигранттар тынымсыз агылган тизмедеги биринчи өлкө.

2
2017-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар которушкан.

3
Орусияга барган эмгек мигранттары көбүнчө кара жумуштарда, курулуш, тейлөө тармактарында эмгектенишет.

4
Орусиянын миграциялык кызматында учурда каттоодо турган 650 миң кыргызстандык жаран бар.

5
Кыргызстандан чет өлкөгө алгылган эмгек мигранттарынын 40% аялдар түзөт.

6
Адистер мигранттар которгон акча каражаттары туура эмес сарпталарын айтып жүрүшөт. Мигранттардын Кыргызстанда калган туугандары көп учурда акча каражаттарын тойлорду өткөрүүгө сарпташат.

7
Түнкү кезметте иштеген мигранттар.

8
Жыл башынан бери Орусияга 248 миңдей кыргызстандык мигрант кирген. Акыркы кезде мигранттар арасында динге берилгендер көбөйгөнү айтылып келет.

9
Ал эми англис, түрк же башка тилдерди билген жарандар араб өлкөлөрүндө, АКШда, Европада, Түркияда жана Түштүк Кореяда эмгектенишет.

10
Соңку кезде айлыгын албай калган мигранттар көбөйдү. Адистер бул Орусиядагы кризиске байланыштуу экенин айтышат.

11
Мекенден алыс жүргөн мигранттар медициналык жардам алууда кыйналышат.

12
Орусиядагы кыргыз элчилиги былтыр Москвадан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөнүн, алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгонун билдирген.

13
Жер шарынын ар бир 35-жашоочусу эмгек мигранты болуп саналат.

14
Акыркы 10 жылда дүйнө жүзү боюнча мигранттардын агымы күчөгөн. 2000-жылы эл аралык мигранттардын саны 175 миллион болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 244 миллион кишиге көбөйгөн.