Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Адахан Мадумаров


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, 52 жашта.

Башында журналист катары таанылган Адахан Мадумаров башкалардан чечендиги менен айырмаланат. 2011-жылкы президенттик шайлоодо Мадумаров 15% добуш алып, экинчи орунду ээлеген. Кыргызстанга күчтүү президенттик башкаруу зарыл экенин айтып келет.

("Азаттыктын" архивинен: 14.01.2015)
Мадумаров: Конституцияны өзгөртсө президентти колдойм
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:29 0:00

Адахан Мадумаров кесиби боюнча тарыхчы жана юрист. Үч ирет Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007-жылы «Ак Жол» партиясынан куралган парламенттин спикери болгон. Ага чейин мамлекеттик катчы кызматын аркалап келди. Кыргызстанда мамлекеттик катчы идеология маселелерин тейлечү.

2008-жылы Мадумаров парламентте «жаңгак жаңжалы» тутанып, ага Жогорку Кеңештин имаратын жаңгак уюлдары менен жасалгалоо маселесин көтөрүп чыкканы түрткү болгон.

Спикерликтен түшкөн Мадумаров бир нече айдан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалып, бул кызматта бир жылдан ашуун турган.

2010-жылкы парламенттик шайлоодо Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоочулардын 8% ашуун добушун алган. Бирок парламентке өтүш үчүн белгиленген 5% босогону багындыра албай, он миңдей добуш жетпей калган.

Парламенттик шайлоодо жеңилген соң Мадумаров оппозицияга өткөн. Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин баш катчысынын орун басарлыгына дайындалган. 2015-жылы парламенттик шайлоого катышууну көздөп кызматын өткөрүп берген. Бул ирет “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары биригип, шайлоого аттанган. Бирок шайлоодо 7% тосмону өтө албай калган.

("Азаттыктын" архивинен: 30.11.2016)
Мадумаров: келечек үчүн бириктик
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

2017-жылдын башында Адахан Мадумаров Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев менен «күчтүү биримдик» түзүшкөнүн, алар президенттикке бирдиктүү талапкер алып чыгарын жарыялашкан. Анткен менен БШКга саясий «үчилтиктин» ар бир мүчөсү талапкер болуу үчүн өз алдынча документтерин тапшырды. Кийинчерээк буларга "Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев кошулуп, төртилтик «Кайра жаралуу» партиясы түзүлгөнүн жар салган. Бирок бул долбоор ишке ашпай калганы маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG