Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:40

"Ата Журт" партиясынын жетекчиси, 49 жашта.

Чоң саясатка аттангандан бери Камчыбек Ташиев такай коомчулуктун көз алдында келатат. Ал кызматынан кетээрин ачык айтып, өкмөт башчыга кыр көрсөтүп чыгып кеткен. Депутаттар менен мушташып кеткен учурлар болгон.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев башка ири саясий күчтөр менен биригүү аракетин кайталоодон тажай элек. Быйылкы шайлоо жылына чейин Ташиев эки ирет биригүүгө барып, аягында келип өзү бириккендердин каршысына өтүп кетти.

("Азаттыктын" архивинен: 25.02.2016)

Ташиев кесиби боюнча химик жана юрист, айыл чарба продукцияларын даярдоо, күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүчү компанияны, спорт клубун жетектеген.

2002-жылы өкмөт башчынын аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген. Бир жылдан кийин Бишкектин Ленин райондук акиминин орун басары болуп дайындалган.

2005-жылы парламентке депутат болуп шайланган. 2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. 2009-жылы жаңы эле дайындалган өкмөт башчы Данияр Үсөнов Ташиевди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине курулчу үйгө деп сакталып турган каражатты пайдалангандыгы үчүн айыптаган. Буга нааразы болгон Ташиев жыйындан чыгып баратып Үсөновду кызматтан кетирерин айтып сес көрсөткөн.

2010-жылкы апрель революциясынан кийин Ташиев "Ата Журт" партиясын активдештирип, парламенттик шайлоодо күтүлбөгөн жеңишке ээ болгон. Шайлоочулар арасында кадыр-баркы көтөрүлгөн Ташиев 2011-жылы президенттикке талапкердигин коюп, шайлоочулардын 14% ашууну колдошкон.

2012-жылы саясатчы Ак үй алдында жыйын куруп, жанындагы бир топ тарапташтары менен атайын кайтаруудагы имаратка темир тосмолорду ашып кирүүгө аракет жасаган. Ташиевди анын фракциялаштары Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду сот бир жыл беш айга абакка кесүүгө өкүм чыгарган.

("Азаттыктын" архивинен: 3.10.2012)

2014-жылы Камчыбек Ташиев бир кездеги саясий атаандашы Өмүрбек Бабанов менен биригип, жаңы партия түзүүгө жетишсе, жуп шайлоо алдында Ташиев дагы бир чатакка кабылган. БШК Ташиевди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсүн уруп койгондугу үчүн шайлоодон четтеткен.

2016-жылдын ноябрында Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков биригишкенин жарыя кылышып, президенттик жарышка бирдиктүү талапкер аттантышарын билдиришкен. Кийин бул биримдикке “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев кошулуп, “Кайра жаралуу” партиясын түзүшкөн.

Шайлоого бир ай калганда Ташиев жаңы биримдиктин башкы атаандашы – бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп, аны колдоорун жарыя кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG