Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Токтайым Үмөталиева


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы, 55 жашта.

Укук коргоочу жана балдардын "Ай-Данек" гезитинин башкы редактору Токтайым Үмөталиева бул ирет кыз-келиндер арасынан чыккан жалгыз талапкер болууда. 2009-жылкы шайлоодо алты талапкердин арасынан төртүнчү орунду ээлеп, шайлоочулардын 1,1% добушун алып, «көмүр өкүмдары» Нурлан Мотуев менен нарколог Жеңишбек Назаралиевди артка калтырган.

Үмөталиева кесиби боюнча физик, андан сырткары Дипломатиялык академиянын аспирантурасын аяктаган. Кыргыз улуттук университетинде 14 жыл физикадан сабак берген, аны менен кошо өндүрүштүк фирманы жетектеп, балдар гезитин чыгарууга жетишкен.

2000-жылдан бери жарандык активист, бейөкмөт уюмдун лидери катары таанымал. 2005-жылы биринчи ирет президенттик шайлоого талапкер болгон.

2009-жылы Үмөталиева эгер кыргыз бийлиги «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү иштерин баштабаса, ачкачылык жарыялай тургандыгын билдирген.

2011-жылкы президенттик шайлоо алдында активист Бишкек шаарын Манас деп атоо сунушун көтөрүп чыккан. Үмөталиева массалык нааразылык акцияларынын, пикеттердин активдүү катышуучусу. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында ок атылып жаткан маалда ак желек көтөрүп чогулгандардын алдыңкы катарында турган.

("Азаттыктын" архивинен: 06.04.2015)
Канкорлор кармалбаган беш жыл (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

2016-жылы укук коргоочу 54 жаштагы аялга кол көтөргөн деп айыпталган, Үмөталиева аны мойнуна албай, эгер кимдир бирөө менен урушкусу келсе «рингде гана таймашка чыгарын» айткан.

Үмөталиеванын 2017-жылкы президенттик шайлоо программасы "Жаңылануунун төрт кадамы" деп аталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG