Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоровдун аты 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөн сөзүн коомчулукка айтып койгон видео тасма социалдык тармакка жайылганда таанылды.
Парламенттин жаш мүчөсү мамлекет башчынын кабыл алуусунда болгонун, анда Атамбаев Өзбекстан менен чек ара талаштары Ислам Каримов тирүү турганда чечилбестигин, дагы 3-4 жыл күтүү керектигин айтканын элге жарыялаган. Мындай сүйлөшүүнүн чын-төгүнү ушу күнгө чейин ырастала элек.
Кочкоров кесиби боюнча экономист, 2000-жылдын башында Кыргызстандын коопсуздук кызматынын жогорку курстарында, андан соң Орусия ФСБнын академиясында окуган. Кийин «укук таануучу» дипломуна ээ болгон.
1995-жылдан тарта Бишкектин райондорунун биринин финансылык бөлүмүндө иштеген, ошол эле жылы Каржы министрлигине жетектөөчү адис болуп которулган.
1997-2009-жылдары УКМКда кызмат өтөп, башкармалыктын жетекчисине чейин көтөрүлгөн. Аскердик полковник наамы бар.
2011-жылдан тарта саясатка аралашып, ушул эле жылы «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Парламентте бир топ талаштуу билдирүүлөрү менен эсте калды.
Маселен, 2013-жылы депутат журналисттер анын сөзү бурмалап жатышканын жүйө келтирип, Жогорку Кеңешке жалаң кыргыз тилдүү гана журналисттерди киргизүүнү сунуштаган.
2017-жылдын башынан бери "Жаңы Доор" партиясын жетектейт.