Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48
Садыр Жапаровдун митинги.
Садыр Жапаровдун митинги.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги

Бишкекте бүгүн, 2-мартта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын билдирген. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин кууп таратуу маалында таш ыргыткан милиция кызматкерлерине чара көрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Мирлан Каныметов билдирди.

Митингди кууп таратуу маалында акциянын катышуучулары жана милиция кызматкерлери бири-бирин көздөй таш ыргытышкан эле. Анын жыйынтыгында борбор калаадагы бир нече унаага зыян келтирилген.

Мирлан Каныметов милиция кызматкерлери таш ыргытты деген маалыматты четке кагып, андай фактылар болсо чара көрүлөрүн билдирди.

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте ишке өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Алмаз Орозалиев билдирди. Ал митингден соң массалык бейбаштык фактысы орун алганын жана мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Милициянын орун басары митингчилерди кууп таратуу маалында канча адам кармалганы жана жаракат алганы боюнча маалыматы жок экенин билдирди. "Азаттыктын" кабарчылары кууп таркатуу убагында ондогон митингчилер кармалып, автобуска салынганына күбө болушту.

Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен Ала-Тоо аятындагы жана Ак үйдүн алдындагы чогулган элди кууп таркатып жатат. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, милиция желим ок атканы да белгилүү болду. Ушул тапта эл Киев, Тоголок Молдо жана ошол аймактагы көчөлөргө сүнгүп баратканы кабарланды.

Ушул тапта милиция митингчилерди Разаков, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнөн сүрүп чыгарууга киришти.

Митингчилер тарабынан милицияга каршы таш ыргытылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG