Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02
Садыр Жапаровдун митинги.
Садыр Жапаровдун митинги.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги

Бишкекте бүгүн, 2-мартта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын билдирген. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

Жылдыз Жолдошева президентке Садыр Жапаров боюнча кайрылуу тапшырганын айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго берди. Бул тууралуу Жолдошева Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде билдирди жана президент менен 2-марттагы жолугушуусун өзүнүн 60 жылдык мааракеси менен байланыштырды.

Саясатчынын айтымында, президент колуна тийген бардык материалдарды тиешелүү органдарга тапшырууга убада берди. Президенттик аппарат бул тууралуу комментарий бере элек.

Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышын талап кылган митингди коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев башкарууда.

Жапаровдун тарапкерлери митингде чагымчыл аракеттер болгонун айтышты

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинин жүрүшүндө түшүнбөстүк келип чыкты. Акцияга чогулгандардын арасында жыныстык азчылыктарга байланыштуу плакатты кармаган адамдарды чогулгандар күч менен чыгарышты. Жапаровдун тарапкерлери муну чагымчыл аракет катары баалап, күч кызматкерлери тиешелүү чара көрбөй жатканына нааразы болушту.

Учурда акция расмий түрдө баштала элек. Бирок уюштуруучулар «Садыр Жапаровго боштондук!» деген ураандарды чакырып жатышат.

Митингди чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчыларынын айтымында, эл чогулган жерде милиция кызматкерлери көрүнбөйт.

ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти

Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу министрлик 2-мартта эртең менен тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

ИИМ жарандар менен юридикалык бирикмелерге кайрылып, митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

«Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чара көрөт», деп айтылат билдирүүдө.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2-мартта нааразылык акциясын өткөрүп, анда саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышарын билдиришкен.

Акциянын алдында ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экени жөнүндө кеп тараган. УКМК бийликти басып алууга чакырык таштаган бир адам кармалганын билдирген.

Бишкектеги акцияда 20дай талап коюлат

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтчү нааразылык акциясында 20га жакын талап коюлат. Бул тууралуу Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын мүчөсү Бакай Кашкарбаев билдирди. Анын айтымында, акцияда камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуудан башка өлкөдөгү сот реформасын жүргүзүү, саясий куугунтукту токтотуу, чек ара маселеси, банктан насыя алгандардын маселеси, коронавируска байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу талаптар коюлат.

Кашкарбаев Жапаровго ырайым берилбей жатышын мыйзамга карата эки жүздүүлүк деп атап, президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча өз жообун айтышы керек экенин билдирди. «Ошол кайрылууга 780 миң киши кол коюп берди», - деди Жапаровдун тарапкери.

Учурда Ала-Тоо аянтына акциянын катышуучулары чогулууда. Уюштуруучулар алар өлкөнүн ар кыл аймактарынын келишкенин билдиришти.

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын фервалдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирип, буларды белгилеген:

«Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт».

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG