Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

21:07 27.11.2021

Май айында күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин саны да, салмагы да өзгөрдү. Жаңы чакырылыштын кандай ыйгарым укуктары болот? Мурдагыга салыштырмалуу кандай айырмачылыктар бар? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.

Болочок парламенттин кандай ыйгарым укуктары болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

21:19 27.11.2021

Жогорку Кеңешке шайлоону уюштурууга бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоодо ат салышып жаткан 21 партиянын шайлоо фондуна 221 миллион 343 миң 406 сом түшүп, анын 200 млн. 671 миң 564 сому сарпталды.

Бир мандаттуу округдардагы талапкерлердин фондуна 253 миллион. 188 миң 663 сом түшүп, анын 201 миллион. 857 миң 97 сому коротулду.

28-ноябрда депутаттар партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Кыргызстанда бир мандаттуулар үчүн 36 шайлоо округу уюштурулду. БШК чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу уюштурулганын билдирди.

Кайсы талапкер, кайсы саясий партиянын тизмесинде шайлоого катышып жатканын билгиңиз келсе бул жерди басыңыз. Баса, интерактивдүү карта компьютерден гана көрүүгө ылайыкталган.

21:22 27.11.2021

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

21:33 27.11.2021

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлердин арасында аялдар 10% жетпейт.

Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG