Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Пандемия шартындагы шайлоо

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды.

Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды. Анын 45и чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

XS
SM
MD
LG