Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Таласка киргендер коронавирусту аныктоочу тест тапшырат


Талас облусуна кирип чыккандарды 24 саат камералар көзөмөлдөп турат.
Талас облусуна кирип чыккандарды 24 саат камералар көзөмөлдөп турат.

Талас облусуна Талды-Булак (Конезавод) айылынан киргендер кан тапшырып, анализи таза чыккан соң гана киргизилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков билдирди.

Таласка киргендердин автоунаалары да, өзүлөрү да дезинфекциялоочу жабдуудан өтүүдө. Талас облусуна Таласта каттоодо турган жүргүнчүлөр жана транзиттик жүк ташуучу унаалар гана киргизилип жатат. Облуска жалпысынан вирусту аныктоочу беш миң тест-система алынып келген. Вирусту аныктай турган анализдин жыйынтыгы 1,5-2 саатта чыгат.

Таласта эки облустук пост бар. Алардын бири Талды-Булак айылында, экинчиси Чоң-Капкада жайгашкан. Чоң-Капкадан (Манас району) жүк ташуучу гана машинелер өтүп жатат. Талды-Булак аркылуу бир күндө 130-200 адамга чейин кирип, 50-70 адамга чейин чыгып жатат.

Учурда Талас облусунда коронавирус аныкталган бир да адам каттала элек. (KR)

XS
SM
MD
LG