Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

“Жолдошбек Мамажанов жылуу сөзгө муктаж эле...”


24-февралда белгилүү обончу, ырчы-аткаруучу Жолдошбек Мамажанов 58 жашында дүйнөдөн өттү. Обончунун “Сүрөтүңө”, “Жазым келчи”, “Элестер” жана дагы башка ырлары элге кеңири тарап кеткен. Замандаштарынын пикиринде Жолдошбек Мамажановго өкмөт тарабынан көңүл бурулбады жана өзү да атак-даңкка умтулбай өттү.

Жолдошбек Мамажановдун Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун сөзүнө жазылган “Сүрөтүңө” аттуу ыры адеп ырдап чыккандан эле элге дароо алынып кеткен алгачкы обону эле.

Жолдошбек Мамажановдун обончулук-аткаруучулук чеберчилигинин өзгөчөлүгүнө замандаш курбалдаштарынын бири, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков төмөнкүчө токтолду:

- Жолдошбек алгачкы “Сүрөтүңө” деген ырын 1974-жылы ырдап чыкпадыбы радиодон. Ошондо ал өзүнүн башкаларга окшобогон обон чыгара ала турган, өз үнү бар обончу экенин көрсөттү биринчиден. Экинчиден, аткаруу чеберчилиги да, үнү да башкалардан өзгөчөлөнүп турган ыры болчу.

Үчүнчүдөн Жолдошбектин дагы бир касиети – обон чыгарыш керек экен деп эле чыгара берген жок. Жакшы обон жазса элге тартуулады, жакшы чыкпаганы ичинде калды.

Жолдошбек Мамажановдун сөөгү 24-февралда Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылына коюлду. Узатар алдындагы жыйында белгилүү маданият ишмерлери Жолболду Алыбаев, Эгемберди Эрматов, Токон Эшпаев, Апаз Жайнаковдор сөз сүйлөшүп, акын Эгемберди Эрматов жыйында сүйлөгөн сөзүн “Азаттыкка” телефон аркылуу төмөнкүчө кабарлады:

- Жолдошбек Мамажановго кыргыз бийлиги сыйлык-наам берип койсо болор эле. Эми бир обон чыгарып, бир ырды ырдап койсо деле, айрымдарга берип жатпайбы “Эмгек сиңирген” деген наамды. Жолдошбек болсо кыргыз элине түбөлүккө кала турган обондорду жазды да.

Жолдошбек Мамажанов өзбек, тажик, уйгур тилдериндеги ырларды да өтө чоң чеберчиликте аткарчу.

Түгөлбай Казаков ырчынын аткаруу чеберчилигин дагы да баса белгилеп, капыс кармаган инсульт дарты жүрөгүндө жүргөн санаанын кыжаалатынан улам келип чыкты го деген оюн айтты:

- Жолдошбек дайыма жаркылдап күлүп жүрчү. Дегеле бир ичинде ой-санаасы жок адамдай көрүнчү. Көрсө, андай эмес турбайбы... Чыгармачыл адам өтө сезимтал, назик болот эмеспи. Кийинчерээк чыгармачылыктан алыстап, жай чарбага оогондой болду. Балким ошол турмуштун өйдө-ылдыйы ден соолугуна таасир эткендир. Болбосо инсульт дарты өзүнөн-өзү эле пайда боло калган жок да.

Акын Эгемберди Эрматовдун айтымында, алар Кадамжайда бат-бат жолугушуп, чыгармачылык тууралуу аңгемелешип турушчу. Бирок Жолдошбек Мамажановдун маанайы, тагдыр-турмушу жылуу сөзгө муктаж болчу:

- Эми Жолдошбекти канча кайгырбайлы, табалбайбыз. Анын акыркы учурларда жылуу сөзгө, жылуу мамилеге муктаж болуп жүргөнү мага белгилүү. Биз ушундай таланттарыбыздын баа-баркына тирүүсүндө жетпей, көзү өткөндө эле өкүнүп калабыз. Өзгөчө биздин бийлик чыгармачыл инсандарга да адилет мамиле жасабай, “тааныш-тамыр” болуп, айрым татыксыздарга сыйлык-наамдарды берип коюп келатат...

XS
SM
MD
LG