Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

"Чын-төгүнү чыга элек" ооганчылар


Ооганстандан чыгып бараткан советтик аскерлер.
Ооганстандан чыгып бараткан советтик аскерлер.

Ооган согушунун жалган ардагерлерин иликтеген мекеме аралык комиссия аларга мамлекеттен берилген социалдык төлөмдөрдүн суммасы 129 миллион сомго жеткенин кабарлады.

Ошондой эле бир жыл ичинде "ооганчы" деген атты жамынып жүргөн дагы 73 киши аныкталган. Аскердик прокуратуранын маалыматы боюнча, алардын мамлекетке тийгизген зыяны 24 млн. сомду түзгөн.

Дооматка кабылган адамдардын өздөрү комиссиянын тыянагы эртелей жарыяланып, "жалган ооганчылар" деп бир жактуу аныктама берилгенине нааразы.

УКМКнын, ИИМдин, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы), ооганчы-ардагерлердин өкүлдөрү кирген мекеме аралык комиссиянын жаңы жылга карата берген маалыматы боюнча, "жалган ооганчыларга" берилген социалдык төлөмдөрдүн суммасы акыркы сегиз жылда 129 млн. 156 миң сомго жеткен.

Аталган комиссиянын мүчөсү, генерал-полковник, ооган согушунун ардагери Абдыгул Чотбаевдин журналисттерге билдиргени боюнча, иликтөө учурунда 2018-жылы 73 киши өздөрүн жалган эле "ооганчы" деп маалымдап келишкени аныкталган. Натыйжада "жалган ооганчылардын" жалпы саны 229га жеткен. Чотбаевдин сөзү боюнча, 136 адамдын аскердик билетиндеги жана архивдик маалыматтар дал келбей жатат.

Ооган согушунун жалган ардагерлери боюнча ишти 2017-жылы Аскердик прокуратура иликтеп, анын негизинде Ош шаарынын, Кара-Суу, Кадамжай жана Ноокат райондорунун аскердик комиссариаттарынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Бул "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык жасалмалоо" жана "Алдамчылык" белгилери боюнча козголгон кылмыш иштери ооганчы ардагерлерге 2010-жылдан бери мыйзамсыз социалдык төлөмдөр берилгенин иликтейт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Наргиза Куватованын "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, комиссиядан алынган маалыматтарды прокуратура дагы кайталап текшерүүдө.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

- Мекеме аралык комиссиядан алынган маалыматтар боюнча 2016-жылы 49 кишиге карата жети кылмыш иши козголгон, - деди ал. - 2017-жылы, ноябрь айында жалган ооганчы катары жөлөкпул алып жүргөн адамдар тууралуу да маалымат келип түшкөн. Азыр алардын баарынын үстүнөн тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. Жарандардын ооган согушуна катышкан-катышпаганын аныкташ үчүн мурдагы союздун булуң-бурчтарына, Орусиядагы Подольск шаарына, Украинага чейин суроо жиберип, жообун күтүүгө туура келет. Биз алардын согушка катышкан-катышпаганын аныкташ үчүн дагы кайталап, суроо жибердик. Ошондуктан азыр тергөө иштери аяктап калды деп айтууга болбойт. Мамлекетке келтирилген зыян да кандай жол менен кайтарылып алынарын азырынча айта албайбыз. Мунун баарына тастыктоочу документтер болушу зарыл.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, "жалган ооганчылардын" мамлекетке тийгизген зыяны 24 млн. сомду түзгөн.

Ооган согушуна катышпай туруп, "ардагер" аталып алгандарды аныкташ үчүн атайын мекеме аралык комиссия 2016-жылы декабрда, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн.

Аталган комиссиянын маалыматы боюнча, "жалган ооганчылардын" арасында советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган кезде мектепте окуп жүргөн жаш офицерлер да бар экени аныкталган.

Бирок азырынча так маалыматтар жок экендигин негиз кылып, мекеме аралык комиссия да, прокуратура да аныкталган "жалган ооганчылардын" аты-жөнүн жарыялай элек.

Ушундан улам, "жалган ооганчыларды" аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын тыянагын эрте жарыялап аныктама берүүгө Ооганчы ардагерлердин республикалык кеңеши нааразы.

Аталган кеңештин башкармалыгынын төрагасы Жолдошбек Бейшеев мындан 35-40 жыл мурунку учурлар боюнча документтерди таап, тастыктоо оңой иш эмес экенин белгилеп, алдын-ала айыптоо туура эмес экенин айтты:

- Орусиядагы архивге жиберилген суроолорго жооп келбей жатат. Анткени көпчүлүгү офицерлер болгон, көпчүлүк аскердик бөлүктөр жоюлуп кеткен. Беларуста бир архив өрттөндү. Ошонун кесепетинен көпчүлүк ооганчылар өздөрүнүн ооган согушуна катышканы тууралуу маалымат-документтерди ала албай жатышат. Текшерилип бүтүп, ага прокуратуранын корутундусу чыкмайынча, бир жактуу айыптоо негизсиз. Жоокерлер ал кезде өздөрүнө документ жасап алышкан эмес. Ооганстанга азык-түлүк, ок-дары ташып кирген айдоочулар болгон, медайымдар кыска убакытка кирип-чыгып жүрүшкөн. Ошол мезгилде бир эле цифрадан кеткен жаңылыштыктан улам бүгүнкү күнү "ооган согушуна катышкан эмес" деп айыпталып калууда. Эки жыл от кечип келген ардагерлерге "сенин катышканың тастыкталган жок" деп жарыялап жиберсе, алар үй-бүлөсүнүн, балдарынын алдында өздөрүн жаман сезип, чөгүп кетет экен.

Ооган согушуна катышкандарга берилген жеңилдиктер Кыргызстанда 2009-жылдан тартып оптимизациянын натыйжасында ай сайын алты миң сомдон төлөнүүчү жөлөкпулга бекитилген.

Согушта жарадар болгондор жети миң сом пенсия алышат. Ал эми согуштан кайтпай калган жоокерлердин жакындарына ай сайын миң сомдон пенсия каралган.

Ооган согушунун ардагери Акимжан Ташматовдун айтымында, ага чейин жылына бир жолу берилүүчү жеңилдиктер болгон.

- 2009-жылга чейин бизге жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде учак, поезд жана автобус менен акысыз пайдаланып, бир тараптан экинчи тарапка барып келүү мүмкүнчүлүгү бар эле, - деп түшүндүрдү ал. - Жылына бир жолу 12 күнгө курорт-санаторийде акысыз дарылана алчубуз. Мамлекеттен автоунаа, үй алганда да жеңилдиктер каралган. 2009-жылы жүргүзүлгөн оптимизациянын натыйжасында ошол жеңилдиктердин баарын бириктирип, ай сайын 6 миң сомдон төлөнүүчү жөлөкпулга чегерген. Бул сумма да жаман эмес. Айрым КМШ өлкөлөрүндө ооганчы ардагерлерге жасалган мамилеге караганда кыйла жакшы.

1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG