Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Акматалиев: Айтматовдун атын жамынгандар бар


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 83кө чыкмак. Жазуучунун туулган күнүн утурлай Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиевди кепке тарттык.

- Кыргызстан эли Айтматовсуз жашаганына үч жылдан ашык убакыт өттү. Бул мөөнөт ичинде жазуучуну барктап, баалай алдыкпы? Эмне үчүн алигиче “Ата-Бейитте” Айтматовго эстелик тургузула элек, эмне үчүн чоң бир музей ачыла элек?

- Чыңгыз агайдын кайтканына үч жарым жылдай болду. Бирок өткөн бийлик Чыңгыз агайга жакшы, туура мамиле кыла алган жок. Мына ошондуктан жаркын элесин түбөлүк калтыра алган жок. “Ата-Бейитте” мамлекет өзү камкордук кылып, эстелик коюу керек. Ал эми музейге материалдар чогулуп жатат.

Абдылдажан Акматалиев
Абдылдажан Акматалиев
Буга дагы үй-бүлөсү эле эмес, мамлекеттин камкордугу болушу керек. Азыркы президентибиз жакшы демилге көтөрүп, “Ала-Тоо” аянтына Айтматовдун, Манастын эстелигин койду. Демек, бул иш ордунан козголуп, “Ата-Бейитке” дагы эстелик коюлуп, музей дагы ачылат го деген оюм бар. Ошол музейди кайсы бир имаратка эле жайгаштырып койбой, музей атайын улуттук колорит менен салынышы керек.

- Айтматовго Бишкекте эстелик тургузулгандан башка жетиштүү көңүл бурулбай келгенин эмне менен байланыштырууга болот? Кыргызстанда жашы-карысы дебей саясатка аралашып кеттиби, же бул руханий дүйнөнүн жардыланганыбы?

- Эң башкысы саясатка аралашып кеткенибиз деп ойлойм. Туруксуз саясат жана кайдыгерлик мамиле, Айтматовго карата жакшы мамиле болбогонун көрсөтүп турат. Муну биз мурда эле айтып келгенбиз, азыр деле айтып жатабыз. Жаңы президенттен жакшы аракеттерди, үмүттү күтөбүз.

- Соңку жылдары улуу жазуучунун ысымы ар кыл мекемелерге, уюмдарга, окуу жайларга ыйгарылып келет. Туш келди ыйгара берүү менен Чыңгыз Айтматовдун баркын түшүргөн жокпузбу?

- Эң туура айтасыңар. Чындыгында буга өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. Коомдук мекемелер болобу, уюмдар болобу уят болбогондой, деңгээлин түшүрбөгөндөй, жоопкерчилик менен Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүрүү керек деп ойлойм. Кийинки кездерде Айтматовдун атын жамынып алган ар кандай уюмдар болуп жатат. Муну менен кээ бир адамдар Айтматовдун ысымын өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатышат. Муну токтотуу керек.

- Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кандай иш-чаралар өткөрүгөнү жатат?

- Азыр мен Айыл-чарба университетинде турам. Бул жерде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата окумуштуулар кеңеши болуп жатат. Анткени Айтматов Айыл-чарба институтун бүтүргөн. Мындан тышкары “Ата-Бейитте” эскерүү болот. Чыңгыз Айтматовдун “Балалыгым” деген китеби кайрадан кыргызча жана орусча басылып чыккан. Анын бет ачаары болот. Ошондой эле Токтогул Сатылганов айтындагы филармонияда улуттук адабият күнүнө карата чоң салтанат уюштурулат.

- Сизге рахмат.
XS
SM
MD
LG