Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:11

Жазуучунун бакытка бөксөө балалыгы


Айканыш Ибраимованын сүрөтү.

Түн. Адамзаттын бүт күнөөсүн, бүт көз жашын, бүт кайгысын өзүнө жашырып жүргөн, кээде адамдын кайгысына, кээде ыйына орток болгон түпсүз түн.

Түнгө жандаш жүргөн быжыраган жылдыздарга бай сырдуу асман жана кичине гана тийип өтсө бүт денеңди ичирткенткен жумшак жана жылуу жел бойлору адам тизесин бойлогон от-куурайларды аста терметип, ары-бери жүрүп турат. Түндү жалгыз, үнсүз таштабаган саратан, бакалар чардап, үмүтсүз тынчтыкты бузуп барат.

Бул түн ак карлуу, көк муздардан таажы кийген аскар зоолуу Ала-Тоо койнунда да өз өкүмүн жүргүзүп турат. Бийик тоо койнунда түн кичине башкачараак, жымыңдап көздөрүн алмашып кысып турган жылдыздар сага алда канча жакын, жылуу жел бирааз салкын тартып, башка жактагы шамалдардан ойногураак келип, кайра-кайра жүзүңө тийип, тийишип ойнойт.

Ала-Тоо койнундагы сулуу түндү агуусу жаратылыш симфониясы болгон мөлтүр булак толуктайт, жаш баладан бетер шашып аккан булак суусу секирип, таштарды кучагына алып, кээ бир тамчылары сыртка чыгып калып токтоосуз, узун түнгө тең орток болот. Бул түндү өзү Нюрнберг, жүрөгү Ала-Тоо боорунда болгон бир инсан жалгыз караңгы ооруканада өткөрүп жатат. Ой басып, ойлору менен кандуу согуш алып бара жаткан бул инсан терезеден сыртка үңүлүп, үнсүз ойлорунун согушун улантып турган бир кезди эшиктин добушу бузду.

- Кириңиз.

- Жакшысызбы? Эмнеге турдуңуз, чарчап каласыз, ордунуздан жай алыңыз, - деп медайым бөлмөдөн чыгып кетти. Салабаттуу, жашы 80ге таяп калса да өзүн келишимдүү алып жүргөн жазуучу Чыңгыз бул түнү бүт өмүрүн, басып өткөн, бирде гүлгө, бирде чаңга оронгон чыйыр жолунан артка кайтып, тааныш инсандар менен сырдашууну, балалыктын сырдуу кечтерине саякаттоонуу, балалыктын шар дайрасынан кайра кечип өтүүнү каалады.

Жазуучулардын табияты ушундай чыгаар, жалгыздыктан ырахаттанып, бул түн менен жуурулушуп, түнгө дос болууну эңсеп барат. Жылдыздуу асман менен сырдашып, караңгы түн менен кеңешип, терезенин жанынан кетүүнү каалабай аркага алынган кайчылаш алакандары, бубак баскан чачтары кайталангыс шедевр сыяктанып турду.

Калдырап-шаңгырап узун поезд мелжиреген кумдуу Казакстан чөлдөрүнөн вагондорун эрксизден сүйрөп алга карай жылып баратты. Кумдуу чөлдө көзгө көрүнөөрлүк эч нерсе байкалбайт, арада гана бирин-серин тикенек гана байкалып, дагы көпкө дейре кумдан башка, таштан башка эч нерсе, тирүү жан да көрүнбөйт. Алыстан гана көк тиреген аска-зоолор, кереметтүү кыргыз жери көрүнүп баратат. Асманда ойногон булуттар да көрүнбөйт, бир гана кароого мүмкүндүк бербей, көздөрүңдү уялткан күн тоолор арасына жашынууга камынып калган. Күндүн акыркы нурларын вагондордун биринин терезесинен карап Чыңгыз бир туугандары жана энеси менен биргеликте кыргыз жерин көздөй баратышты. Энеси үн катпай, бирин-серин көзүнөн жашы кулап, балдарына байкатпай кайгы көлүндө чөгүп баратты. Тогузга жаңы гана толсо да эмне болуп жатканын Чыңгыз жакшы билип турду, баарын биле албаса да ич-ичинен болуп жаткандарды сезип турат, бирок энесинин кайгысын көбөйтүүдөн чоочуп үн катпай акырын гана терезеден көзүн албай мотуракай наристе жүрөгүнөн сыздап барат, атасынын алыс калганын сезген жан туйлап барат.

Мына эми Кыргызстанга, Ата Мекенине кайтып келди. Бир жагы сүйүнүч, бир тарабы кабатырга толгон жүрөк туйлап, муңга толуп барат. Жаш да болсо эркектик намыс үчүн, энесинин кайгысын оорлотпоо үчүн көз жашын тыйып, сыртка чыгарбай кармап барат.

Согуш, адам канын дарыядай аёосуз агызган апаат согуш. Атаны баладан, энени баладан айырган уятсыз, 70ке таяп араң басууга кудуреттүү карыларды, сөөгү ката элек жаш улактай сербеңдеген наристе, өспүрүмдөрдү кыйнаган бети жок согуш. Бир, эки инсандын кызыкчылыгы үчүн миллиондогон күнөөсүздөрдүн жаны курман, кыпкызыл кан дарыядай аккан, адам жанына, канына тойбогон жут согуш. Калың жааган карда, муздак үйдө “Энеке, нан берчи, курсагым ачты, энеке ... нан жейм...”, - деп канчаларды кан ыйлаткан мерез согуш. Согуш талаасынан бир бүктөм кагаз күтүп көзү каткан энелердин көз жашы кургабаган коркунучтуу согуш. Күн-түн айырмасын билбей тегирменден буудай данын чогулттурган ташбоор согуш.

Ошол мерез согуш учурун 12ге бел курчаган Чыңгыз да көрдү. Ойноп оюнга, окуп окууга тойбой турган күлмүңдөгөн балалыгын кумдай сапырган согушка Чыңгыз да күбө болду.

Катчы болуп элдин катын согушта жүргөн эрлерге, ал жактан келген кабар-каттын баарын элге ташып согуш күнү эл кызматында болду. Тамга таанып, каттын кайсыл дарекке келгенин таамай билген, баарын өз убагында дарегине жеткирүү анын милдети жана согуш мезгилинде эл үчүн кыла алчу эң бир чоң сыймыктуу иши эле.

Согуш талаасынан келген кат – бул үмүттүн өчпөс шооласы, кубанычтын бөксөрбөс тоосу. Амандык, эсендик жөнүндө жазылган катты алган адам үчүн гана эмес, бүт айыл үчүн кубаныч да, дем-күч, эртеңки жаркын, тынч келечек үчүн үмүт шооласы, өчүп бараткан оттун учкуну эле. Кат алган күн ошол үй үчүн той болуп, курсагы тойгондой кубанып алаар, жүрөгүндө тынчтык чеби азга болсо да орной калаар эле. Ошол кичинекей топурактын чаңынан кир, жамгырдын тамчыларынан улам бырыш баскан төрт бурчтуу, баш-аягына толбой жазылган сөздөрү бар кагаз бүт өмүрүнө дарман, жанына кубат, көзүнө кубаныч көз жаштарын тартуулай турган.

Эх, аттиң, бирок, согуш талаасынан келген кара кагаз кайгы, муңду мерчемсиз алып келээри бышык. Кара кагаз муңдун туу чокусуна, көкүрөктү ачуу муңга толтураар, көп инсандын атасынан айры калган мөлтүр көз мончокторду, баласынан бөлүнгөн каруусуз ата-эненин ботодой боздотуп бороондуу, үмүтсүз үйгө камап, көңүлдү өрттөп, жашоосун кайгы отуна таштаар болчу. Катчы болуп кат ташыган Чыңгыз үчүн өлүм – өмүр талаасы, согуш талаасынан келген кара кагазды дарегине жеткирүү болуп көрбөгөндөй оор болоор. Ошондой учурлардын көбүндө тамга тааныганы, каттын сыртындагы адрессти окуй албай калууну тилеп да калчу. Анткени, анткени катчы наамын алган Чыңгыздан күтүп жаткан үмүттүн шооласын кара кагазды берген замат бүт аалам кара булутка, көз ачып көрө алгыс калың туманга толуп, жүрөктөрдү сансыз тилип, ачуу ыйга толтураары шексиз эле. Мына ушундан, кубанып кат күткөн назик көңүлдөр кагазды колго алаар замат

“Ала-Тоодо айыпсыз өскөн маралым,

Кандуу согуштан неге кайтпадың?

Жалгыз өскөн каралдым,

Аман неге кайтпадың?... деп муңдуу кошоктор менен коштолгон энелердин бүт ааламдан кездешпес ачуу ыйынан, ботодой боздоосунан катуу коркчу. Чыңгыз кээ күнү кара кагаз алып барып күнөөсүз инсандарды ыйлатканы, таңкы чолпон айыпсыз көздөрдөн жаш агызганы үчүн өзүн жек көрөөр, өзүн ырайымсыз фашисттен бетээр көрөөр эле.

Адаттагы жумуш күнү башталып Чыңгыз каттарды баягы эски сумкесине салып дарегине жеткирүүнү баштады. Каттардын арасында баягы жүрөк үшүткөн “муң кагазы” да бар экен. Кимге экенин, кайсы дарекке багытталганын билүүнү каалабай, сумкенин эң түйүнө салып койду. Каттын баары дарегине жеткирди, эми кезек кара кагазда эле. Чыңгыз кагаздын дарегин окуду, Толгонай апага жеткирүү керек экен. Так ушундан коркуп жүргөн Чыңгыз, күн алыс эмес жолдошу Субанкулдун кара кагазы келбеди беле, эми бул кайгыны Толгонай апа кантип көтөрөт? Чыңгыз кантип алып барат, эне-бала эчки-улактай ээрчишкен Толгонай менен Алиманга бул Антарктиданын суугун кантип айтат, алардын бүт дүйнөнү күнөөлөп ыйлаган ыйына кантип чыдай алат... Согуш талаасынан каза тапкан уландардын өлүмүнө Чыңгыз күнөөлүү болгон сымал, өлүм жөнүндөгү кабарды берүүдөн коркот, катты алып жатып тиктеп турган үмүтсүз, жек көрүүлөргө толгон көз караштардан коркот. Мына азар да коркуудан колуна кагазды мыкчый кармап, Толгонай апанын үйүн көздөй баратат, кантип берүүнү билбей ой басып кадамдарын коркуу менен таштап баратат. Эх, ошондо колунан келсе бүт элдин жашоосуна чаң салган, бейпил түндөрдү апаат кылган фашисттердин бирин койбой кырып салса, экинчи суук кабар келбес, элди кайгыга малчу кабар келбес кыла алса, эх. Мына ушуларды ойлоп турган бир кезде жанына Толгонай апа келди.

- Мага да кат алып келдиңби?

Жымжырттык бир саамга орун алып турду, Чыңгыз эмне айтаарын билбей тынч гана тура берди.

- Мен айтпасаң да билем, жүрөгүмдүн үст бөлүгү үзүлүп түшсө мен кантип билбей калаар элем. Асманымдагы аппак кушум канаттары талып уча албай калса мен кантип туйбай калам?! Көзүмдүн кареги менен тең айланган балам согуштун суук таласында үшүп муздак топуракка жатып калса мен кантип сезбей калаар элем, колумдан келсе ошол согушка өзүм барбайт белем, колумдан келсе улактарымды ээрчитип душмандын тийсе жаныңды куйкалаган огунан корголобойт белем?! А бирок, жашоодо биз каалагандын баары боло бербейт тура.

Толгонай апа Чыңгыздын колундагы кагазды алды да, көзүндөгү туптунук көз жашын аарчып үйүнө кирди. Чыңгыз өз жолуна түштү.

- Жок! Ишенбейм, андай эмес. Эмне үчүн мындай болду, эми кантебиз, эне, башыбызга караңгы түн уялаган экен... Эми кандай кылабыз, эми кантебиз? - деген ачуу ый угулду. Жаш жүрөгү опкоолжуп, мууну бошоп эч бир караан көрүнбөс жалгыз дарактын түбүндө олтуруп бүт дүйнөнү астын-үстүн, бүт үй-бүлөнү кайгыга салган согушту жек көрүп, ичинен сыздап айласыздан ыйлап да алды. Атасын күтүп ар түнү аталап ыйлаган, баласынан айрылып кайгынын аралында жалгыз калган ата-энелер, балам келип калаар деп үмүт менен күн өткөргөн энелерге боору ооруйт, жаны сыздайт, эң өкүнүчтүүсү колунан эч нерсе келбегенине өкүнөт.

*****

Ушулардын өзү жазуучу Чыңгыз үчүн жетишерлүү болду чыгаар, айланасын бырыш баскан көздөрүнөн тамылар байкоосуздан агып кетти. Ошол бакытка бөксөө өткөн балалыгы көз алдынан өткөрүп, өмүрү байкоосуздан артка аккыс дайра экенине өкүнүп турду.

Балалыгыбыз бизден узакта, биз аны өткөргөн жерлерде кала берет экен. Чыңгыз өзүнүн балалыгын Ала-Тоонун кенен койнуна катканына ары кубанып, балалыгы согушка туш болгонуна бир кайгырып турду. Көзүнөн аккан бир тамчы көз жашы жүзүндө тегиз бир сызык из калтырып, кургап баратты.

Бибинур Жыргалбаева

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG