Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Гордон Рамзинин деңгээлине жетким келет


Иллюстрация
Иллюстрация

Таттуу балалык, аруу кыялдар түшкө окшоп, желдей болуп учуп кетти... Адам баласы колубуздагы байлыкты учурунда баалабайт экенбиз да.

Эээх.. Жөнү жок бултуңдап, апама таарынып, "ушу силерден качан бөлүнөөр экем, ошол күнгө жетсем болду. Мектепти аяктасам эле түйүнчөгүмдү түйүп алып кетпесемби" деп нечен айтканымды азыр эстеген сайын өзүмдү жаман сезип кетем.

Апамдын мындай кылыктарымды тамашага айландырып, эркелетип койгону эске түшсө, кирээрге тешик таппай, кызарып турган учурум.

Акыркы коңгуроо кагылса эле борбордогу болгон окуу жайлар кучагын жайып, мени эле чакырып турушчудай сезилчү мага. Оюмда кесиптерди чекесинен чертип тандайм, абройлуурагын самайм... Ошентип отуруп, мектептин акыркы эки классын да көгөрүп, борборго келип окуп алдым.

Үй-бүлөдө кичүүсүмүн. Беш баланы багып-чоңойтуп, түйшүктөрүн моюну менен тартып, чоңойтобуз деп чуркап жүрүп ата-энемдин да улгайып баратканын байкабаптырмын. Менден улуу төрт бир тууганым азыр бала-чакалуу, опур-топур болуп айылда жашайт, баары карапайым күжүрмөн дыйкандардан. Ата-энем болсо пенсия курагында, иштешпейт. Баары менин көзүмдүн кареги менен айланып тургандарына көнүп алып, окууга деле анча маани бербегенимди азыр түшүнүп отурам.

Өзгөчө Жалпы республикалык тестти тапшыргандан кийин алтындай балалыкты оюн-күлкүгө эле кетирип, билим алууга эч тырышпаганымды түшүндүм. Кыскасы, бул тесттен жогорку балл алып, бюджеттик окуу жайга өтө албай турганыма көзүм эми жетти.

Мен самаган "абройлуу" кесиптерге ата-энем ыйлап-сыктап, жыл сайын контракт төгүп окутушат дечи, бул шексиз, менин бир гана сөзүм, контракттык окууга деле оңой илинчүдөймүн. Бирок бул туура болобу? Мени азыр миң түркүн ойлор басып турган кез. Мен качандыр бир самаган чоң турмуш көрсө өзүндөй чоң көйгөйлөр менен күтүп турган турбайбы мени...

Адам баласынын өмүрү өтө кыска экенин түшүндүм. Мени бөпөлөп, менден эч нерсесин аябаган алтын апакемдин да ден соолугу начарлап баратат. Анан ортодон мен кыпчылып, беш жыл акча төлөтүп окуйм дегеним туура болобу? Же бир кичинемден самаган кесибим жок, уктап-туруп "догдур болом, юрист болом" дегендерден эмесмин. Ооба, албетте мындай таланттуу балдар да көп, аларга түрткү берип, кичине таяныч кылса эле өздөрү суурулуп, бул турмушта өз ордун таап алышат. Мен мындай таланттуу курдаштарыма суктанам, баа берем. Кыргызстандын келечеги ушундай жаштар менен жаркын. Бирок бул мага тиешелүү эмес, менде белгилүү бир кесипке шык же илгертеден келаткан арзуум да жок.

Айтор, миң толгонуп, ойлонуп, акыры бир чечимге келдим. Беш жыл окуп, дипломдуу чала сабат кесипкөйлөрдүн катарын толуктагыча кесиптик лицейге барып, эки жыл ашпозчунун окуусун окуюн деп чечтим.

Ырас, алтын апакемдин жолун жолдоп азыр эле колумдан баары келет, бышырган тамагымды үйдөгүлөр тамшанып жеп калышат. Жумуш табуу да маселеси оңой, Кыргызстанда эмне көп - кафе, ресторандар, окуу да бекер.

Мен кызыккан окуу жайды тактаганымда, анда окуган мыкты окуучулар тажрыйбасын чет өлкөдөн өтүп, ар кандай эл аралык сынактарга да катышарын айтышты. Атүгүл билимимди улантып, жогорку даражадагы тамак-аш инженери болушум дагы мүмкүн экени мени сүйүндүрдү.

Айтор, азыр бардыгы жаштардын өзүнүн колунда деп ойлойм. Кандай кесипти тандасаң да үйрөнүүгө берилген кыска мөөнөттү текке кетирбей, майын чыгара окуп, жогорку даражадагы кесипкөй болууга умтулуу керек. Мындай адамдарга сөзсүз талап бар. Иштеген ишиңден майнап чыгып, кесибиң өзүңө жагып, ошол эле учурда жетишээрлик айлык акы алып турсаң турмушуңду туура жолго салганың демек.

Ойлосом, мен кичинемде эле бул кесипке ниетим болгон экен. Бала кыялымда кээде чоң ресторандарда кызматчыларды башкарып, алар даярдаган тамактарды сынап, башкы ашпозчунун ролун ойной берчү элем. Убагында буга маани бербептирмин көрсө. Мүмкүн Кудай буюруп, дүйнөгө атагы чыккан, нечендеген китептердин автору жана дүйнө жүзү боюнча 20га чукул ресторандын ээси - ашпозчу Гордон Рамзинин деңгээлине жетип калармын.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бардыгына ак жол каалайм! Өзүм болсо керектүү кагаздарымды чогултуп жана убагында туура кесипти тандап алганыма күндөн күнгө ынанып, кудуңдап жүргөн кезим.

Айзат Жолдошбек кызы. Кыргыз улуттук университетине караштуу Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунун Гуманитардык лицейинин бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG