Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Ажыкулов: Банк кардарга жардам берсе жол табылат эле


Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

Кыргызстанда доллардын токтобой кымбаттап жатышына байланыштуу банктарга насыяны сом менен гана берүү сунушу айтыла баштады. Бул тууралуу "Азаттык" Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору, банк тармагы боюнча адис Темирбек Ажыкуловду кепке тартты.

“Азаттык”: Кыргызстанда насыяны 1 доллар 50-60 сом кезинде алгандар азыр төлөй албай, айласы кетүүдө. Аларга мамлекеттен жардам болушу ыктымалбы?

Ажыкулов: Негизи бул базар экономикасына байланыштуу жагдай. Доллардын курсун мамлекет койбойт. Тобокелдиктер бар экени кардарларга башында эле айтылат эмеспи. Соңку бир жылда доллардын баасына байланыштуу чоң өзгөрүүлөр болду. Бул бир тарабы. Албетте, мамлекет базар экономикасына шылтап, “өзүңөр билгиле” деп да калтырбашы керек.

Менимче, ыкчам түрдө банктар менен алардын резервине, күчүнө жараша иштесе болот. Мисалы, насыяны доллар менен алып, кайра төлөй албай жаткандардын санын эсептеп, интервенция кылып, ар бири менен иштеш керек.

Албетте, банктар эркин мекемелер. Алар мамлекеттики эмес. Ошондуктан алар менен кылдат сүйлөшүп, балким, реструктуризацияга барып же банктарга туум төлөмдөрүн азайттырып, төлөө мөөнөтүн узарттырып берсе, банктар өз кезегинде кардарларга жардам кылса, кандайдыр бир жолдор табылат беле дейм.

Бирок тилекке каршы, бул уланып кете берет. Насыя деген ушундай нерсе экен – эл аны ала берет.

Мисалы, соңку бир жылдан бери банктар деле проблемасы көп болуп жатканын айтууда, ага карабай жарандар насыя алууну улантууда. Албетте, алардын өз себеби болуп жатат деңизчи, бирок көйгөй токтобой жатпайбы.

“Азаттык”: Демек жолдорду караштырып көрсө болот экен да?

Ажыкулов: Кандай десем... Негизи экономиканын теориясында андай жол жок. Жогоруда айтылгандай, базар экономикасынын шартында ачык соода мамилеси өкүм сүрөт. Мамлекет эгер колунан келсе, күч-кубаты жетсе жардам берсе болот. Бирок маселе жардам берүүдө гана эмес. Сиз жогоруда насыяны сом менен гана берүү сунушталып жатканын айттыңыз...

“Азаттык”: Ошол канчалык мүмкүн?

Ажыкулов: Бул негизи кардардын талабына жараша болот. Мисалы, доллар менен алгандар аны кайсы бир максатта алып керектеди да. Эгер доллардын ордуна сом колдоно билишсе, анда, албетте, сомдук насыяга өтүү жүйөлүү болот.

“Азаттык”: Банктар ошого барабы?

Ажыкулов: Маселе ошондо. Банктар сом менен насыя берүүгө резерви жетеби? Тоболкелдикке бара алабы?

Менимче, банктар азыр буга чейин берген карыздарын чогултуп алып, андан соң көп кыймыл-аракет жасабастан бара-бара “Ач кулактан тынч кулак, күтө туралы” деп доллар менен да, сом менен да бербей калышы ыктымал. Бирок экономика токтобогон процесс да, жашоо-турмуш улам улана берет.

Учурда Кыргызстанда эң көп насыя турак жайга алынып жатпайбы. Ипотекага. Бул жерде азыр жаңы салынып жаткан үйлөрдөн эмес, мурда курулган тамдардан батир сатып алууну каалагандар үчүн ошол үйдүн ээси сомго сатууга макул болобу же жокпу деген да маселе чыгышы ыктымал. Эгер сатпаса же сомго берсе, ал кайра эле барып банктан доллар сатып алат да. Бул өз кезегинде кайра долларга болгон суроо-талапты жогорулатып, анын баасынын кымбатташына алып барат.

“Азаттык”: Доллар 76 сомдон ашты. Соңку үч айда дээрлик он сомго кымбаттап кетти. Былтыр ушул эле мезгил аралыгында 5 сомго, ал эми мурдагы жылы 1 сомго кымбаттаган экен. Сизде кандай божомол бар? Дээрлик 80ге жеткен баа 100гө да барышы ыктымал болуп калды окшойт.

Ажыкулов: Бир нерсе деп айтыш, чынында, кыйын болуп турат. Көп эле адистер Кыргызстан шайлоо бүткөнчө курсту кармап турат, андан кийин кое бергенде 80 сомго чыгат деп айтып жатышпады беле. Ошого жетип калдык. Анын үстүнө акыркы бир айда эле канча миллиондогон доллар интервенцияланды...

“Азаттык”: Анын да майнабы болбой жатат.

Ажыкулов: Ооба. Бирок бул убактылуу мөөнөткө кармап туруунун ыкмасы болууда.

Албетте, дагы бир жол бар – сырттан келген гранттар жана мамлекеттик деңгээлде эл аралык уюмдардан доллар менен алган кредиттер. Ошону менен жаппасак... Башка өндүрүшүбүз болбосо, Кыргызстандын экономикасына доллар алып келүү булагы болбосо, долларды кармап туруу абдан эле оор.

XS
SM
MD
LG