Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Орозбаев - Ала-Бука жарчысы


Совет доорундагыдай электр мамычаларга орнотулган үн күчөткүчтөр аркылуу радиоуктурууларды элге таратуу ыкмасын алабукалык Имамжапар Орозбаев дагы эле пайдаланып келет.

Ал күн сайын "Азаттыктын", Би-Би-Синин жана Биринчи радионун берүүлөрүн Ала-Буканын элине 14 саат бою уктурат. Андан сырткары кез-кезде жергиликтүү жаңылыктарды да окуп турат. Бир кездери бул иши үчүн жергиликтүү бийлик айлык төлөгөн. Азыр болсо маянысы жок эле ишин улантууда.

"Көнүл буруңуздар, көңүл буруңуздар. Ала-Бука айылдык радиотүйүнүнөн сүйлөйбүз. Ала-Бука айылдык радиотүйүнүнөн сүйлөйбүз…"

Ала-Бука айылдык радиосу күн сайын эртең мененки саат жетиде ушинтип уктурууларын баштайт. Алгач бул радионун музыкалык жасалгасын жана алып баруучунун сүйлөгөнүн укканымда Совет доору эсиме түштү. Ошол кездери айылдагы мамычаларга илинген үн күчөткүчтөрдө ушундай баяндар жаңырчу…

Ала-Бука радиосу айылдагы эски кинотеатрдын имаратында жайгашкан. Техникалык жабдыктары бир топ эскирип калганы байкалат. Кулакчын, микрофон сыяктуу каражаттары деле Союз маалынан калган. Компьютер же башка заманбап техникалар жок. Радиону 57 жаштагы Имамжапар Орозбаев өзү жалгыз иштетип келет:

- Жетекчиси да, диктору да өзүм, бүт баарын өзүм жасайм… Айылдын сегиз жерине үн күчөткүчтөр коюлган. Студиядагы аппараттардын баары 70-жылдары алынган, бирок баары иштейт.

Имамжапар агай күн сайын саарлап келип, Кыргызстандын Улуттук радиоканалынын толкунунда жаңырып жаткан баяндарды атайын туташтыргычтар аркылуу айылдын ар түрдүү жеринде жайгашкан үн күчөткүчтөргө улайт.

Бул радиотүйүн 1976-жылы райондук акимчиликтин алдында түзүлгөн. Эгемендик алгандан соң ал бир топ жыл иштебей турган. 1996-жылы Имамжапар Орозбаев жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, айылдык радио катары жаңырта баштаган. 2011-жылдын аягына чейин райондук бюджеттен айлык алып иштесе, 7 айдан бери эч кандай маянасыз эле жумушун улантып жүрөт:

- Буга чейин беш миң сомдон айлык алчумун. Жаңы жылдан тарта радио Ала-Бука айылдык округунун карамагына өткөн. Айылдык кеңеш жети айдан бери айлык акы маселесин чечип бере элек. Менин жасап жаткан ишим – идеологияны таратуу болуп саналат. Кыргызстандагы кабарларды элге жеткирүү зарыл. Айлык эле чыгарып беришсе, калган чыгымдарды өзүм көтөрөм.

Айылдык радиого алабукалыктар да көнүп калышкан. Нургүл Кубатаеванын айтымында, аймакта улуттук канал жакшы тартпагандыктан, жаңылыктарды негизинен ушул радиотүйүндөн угуп турушат:

- Бизге бул айылдык радио аябай керек. Себеби райондогу көйгөйлөрдү чагылдырып, маселени ушул эле жерде чечсе болот. Ал үчүн жакшы айлык коюп, журналисттерди жумушка тартуу керек. Андан сырткары, КТРК жакшы көрсөтпөйт, Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды негизинен ушул радиотүйүндөн угабыз.

Айылдык радиотүйүн борбордогу радиолорду үн күчөткүчкө улап, элге маалыматты жеткирүү менен гана чектелбейт. Айрым учурларда соода-сатыкка же ишкердикке байланыштуу жарыяларды окуп, Имамжапар агай бир аз тыйын да табат:

- Бир жарыяны 10 сомго кабыл алам. Аны беш-алты жолу кайталап окуп коём. Келерки жылы үн күчөткүчтөрдү көбөйтүп алсам, жергиликтүү бийликтин көзүн карабай эле өзүмдү өзүм каржылоого өтсөмбү деп турам…

Имамжапар Орозбаевдин кесиби - инженер. Совет доорунда райондук басмаканада иштеген.

XS
SM
MD
LG