Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Атактууларга Америка акцентин үйрөткөн кыргыз


Максат Муктаров.
Максат Муктаров.

Дүйнө кыдырып, өзгөрүүлөргө умтулган, жаңы тенденцияларды өздөштүрүүгө ыктаган кыргызстандыктардын бири – Максат Муктаров. Ал 18 жылдан бери Германияда, Америкада окуп, Орусияда, Кытайда иштеп, жашап жүрөт.

ITден кийин эле өнүгүп келаткан тармак – коучинг

Максат Муктаров үч жылдан бери Кытайда коуч, кыргызча айтканда адамдардын алдыга койгон мүдөө, максатына оңой жетишине көмөкчү болуп иштейт. Ал коучинг – дүйнөдөгү эң кеңири жайылып жана өнүгүп жаткан тармактардын бири деп эсептейт.

- Кытайда бул нерсе жаңы, эң биринчи Америка Кошмо Штаттарында өнүгө баштаган, - деп сөз баштады ал. - Бул тармак мага абдан жаккан үчүн ушуга келип жатам. Мындан акча келет же келбейт деп анча деле кызыгуум жок. Бирок буга келген кишиге сөзсүз акча келет деп ойлойм, анткени бул Америкада экинчи бат өнүгүп келаткан индустрия. Биринчиси - IT технология, экинчиси - коучинг индустриясы.

Максат Муктаров шакирттери менен.
Максат Муктаров шакирттери менен.

Ошондуктан Максат акча тапканга караганда ар кайсы өлкөлөрдө, көп түрдүү коомдордо тажрыйба топтоп, келечекте өз компаниясын ачкысы келет. Жашоо сабактарын кытайлыктарга эле эмес, шарты келгенде кыргызстандыктарга да «WнatsApp» аркылуу үйрөтүп жүрөт. Анткени мекендештеринде мындай муктаждык бар экендигин жакында Кыргызстанда болуп, аймактарды кыдырган учурунда байкаган.

- Үй-бүлөлүк көйгөйлөр көп экен: ажырашуу, кайнене маселеси, баласын таштап Орусияга кеткендер... Бул абдан маанилүү нерсе, - деп сөзүн улады маектешибиз. - Анткени үй-бүлө бузулса, өлкөнүн бузулушуна алып барат. Ошол үчүн жашоого машыгуу керек. Кантип бактылуу жашаш керек, кантип бала тарбиялаш керек, кантип максат коюш керек, эмнеден башташ керек - булардын мектеби жок, университети жок. Ошол үчүн коучинг индустриясы азыр абдан өнүгүп жатат.

Максат Муктаров аудитория алдында сүйлөп жатат.
Максат Муктаров аудитория алдында сүйлөп жатат.

Максат өзүндө адамдардын көңүлүн таап сүйлөгөн коучингге же алардын максатына жетишине шыкактап дем берген мыкты шык-жөндөмү бар экенин Москвада түшүнгөн. Бирок ал учурда бул тармак өнүгүп келаткан жаңы индустриядагы маанилүү адистик экенин түшүнгөн эмес. Жөн гана тил үйрөтүп, жашоо-тиричилигиндеги кыйынчылыктардан чыгууга көмөктөшүп, жол көрсөтүп, кеңеш берип жүргөн.

«Америка акцентин үйрөтүп акча табам»

Жашоону татаалдантпай жагымдуу кылганга машыктырган Максаттын мындан башка да кызыктуу жумушу бар. Ал - англис тилинде сүйлөгөндөргө Америка акцентин үйрөтүү.

Максат Муктаров.
Максат Муктаров.

- Акцент – бул адамдын кийими сыяктуу (сырткы келбети), - дейт Максат. - Мисалы бир жерге барсаңыз сизди биринчи сырткы келбетиңиз менен тосуп алат го, акцент да ошондой. Сиз жаңы бирөө менен таанышканда Америка акценти менен так сүйлөй алсаңыз, ал адамда ошого жараша маалыматтар кетет. «​Эгер мунун англисчеси жакшы болсо, анда дүйнөнү кыдырган тажрыйбалуу адам, интеллигент же окумал экен» деген маалымат кетет. Ошондой эле алар сизди өзүнө жат көрбөй жакыныраак сезет. Ошон үчүн да акцент аябай маанилүү.

Максат кардарларына америкалыктардай англисче сүйлөөнү үйрөткөнү үчүн саатына 100 доллар алат. Акцент үйрөнөм дегендердин катарында атактуулар да бар.

- Мисалы NBAда ойногон Тимофей Мозговго (Улуттук баскетбол ассоциациясынын биринчи орусиялык чемпиону - ред.), Орусиянын эмгек сиңирген скульптору Александр Бургановго сабак берип калдым. Ал эми бул жакта «MengNiu» (Мыңню) деген Кытайдагы экинчи чоң сүт компаниясынын ээсинин үй-бүлөсүнө жана 2014-жылы «Missis China» болгон аялга да сабак бердим, - деди ал.

Максат Муктаров.
Максат Муктаров.

Англис тилин мыкты өздөштүрүп алган Максат чет өлкөгө биринчи жолу 2001-жылы чыккан. Германияга барып Гейделберг университетине англистика жана экономика бөлүмдөрүнө окууга тапшырып, 3-курсунда студенттик алмашуу программасы менен Американын Огайо штатына кеткен. Ал жактан окуусун аяктап, ошол эле университетке магистратурага тапшырган. Бирок окуусун таштап 2009-жылы Орусияга келе берген. Ал жакта тил курсун ачып, англис тилин үйрөтө баштаган.

- Башка өлкөдөгү улуттар «сен каяктансың, эмне кыласың, ушуну билесиңби» деп сурабайт, - деп түшүндүрдү каарманыбыз. - Мен барып эле: «Hi! Morning! I am Maks, I am an English teacher and accent trainer», - дейм. Минтип нака америкалык акцент менен тилиң буудай кууруп турса келген адамдар деле «ушул сен үйрөтө аласыңбы» деп даап сурашпайт. Анын үстүнө кардарларым көбүнчө мен тууралуу көбүнчө жек-жаатынан, тааныш-билиштерден угуп келет.

Кытайлар «билбейм» деп айтуудан уялат

Максат Муктаровдун чет өлкөдө жашаганына 18 жыл болду. Бул мезгил ага ар кайсы элдин маданиятын үйрөттү. Маселен, немис улутунун өзүнө сын көз караштагы мамиледе болуп, өз көйгөйүн өзү гана чечиши, америкалыктардын өзүнө болгон бекем ишеними жана кытай элинин сөздөн мурун ишти кылары эң мыкты сапаттар деп эсептейт.

- Немистер өзүнө абдан тың келет, - дейт сөзүнүн аягында Максат Муктаров. - Байкеси болсо ага даттанбай, сөзсүз өз көйгөйүн өзү чечет. Анан немистерде өзүн сындоо абдан көп. Ошол өзүнө болгон сынчыл көз караштан улам БМВ, «Мерседестер» чыгып жатпайбы. Мисалы Кытайда ушул нерсе жок. Кытайда сапат төмөн болгонунун себеби - бул жакта «эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, боло берет» деген сөз бар. Бир заводдо «эч нерсе эмес, боло берет» деп өткөрүп жиберсеңиз - болду, сапаты бузулат. Америкалыктарга келсек - абдан эркин болушат, өзүнө ишеними абдан жогору. Москвада иштеп жүргөндө бир психолог: «Ушундай болуш үчүн америкалыктардын апасынын сүтүн эмизүү керекпи, билбейм. Анткени америкалыктар келип эшикти тээп туруп «бул мындай» деп айтып коёт. Ал жерде мен экспертмин, анын айтканы туура эмес экенин билип, «ката» деп жатам, бирок ал өзүнө ушунчалык ишенип айткандыктан аныкын эл туура деп кабыл алат» дейт. Ал эми Кытайда жашаган эл сөздөн мурун ишти кылат. Экинчи бир нерсесин байкадым: көчөдө баратып бир даректи сурасаңыз, бир кытай «бул жакта» деп айтса, дароо ишенип албаңыз. Анткени ал жерде «билбейм» деген уят болот экен. Ошондуктан 3-4 кытайдан сурайсыз дагы, төртөө тең бир жакты көрсөтсө, демек ошол жакта болушу керек дейсиз. Азыр Кытай ушунчалык бат өнүгүп жатат, жадагалса өздөрү да «мындай бат кетсек бизге жаман болбойбу» деп кооптонушат.

Максат Муктаров.
Максат Муктаров.

Максат Муктаров аалам кезип жер кыдырып, бу жалгандын керемет жашоосундагы позитивдүү жаңылыктарды өзүнө сиңирүүнү жашоо образына айландырып алган. Азыр ал үй-бүлөсү менен Гуанчжоу шаарында жашайт. Үч баланын атасы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG