Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

2010. Төңкөрүш. Апрелдеги анттар


Апрел окуясында курман болгондорду эскерүү. Ата-Бейит. 7-апрель, 2010-жыл
Апрел окуясында курман болгондорду эскерүү. Ата-Бейит. 7-апрель, 2010-жыл

Кыргызстан көп замандардан бери аткарылбай калган анттар менен уу-дуу аралаш берилген убадалардын мекени болуп келатат го. Эми ар кандай шарттарда айтылып калган убадаларды эскерип отурбайлы - бала кездеги "честный пионерден" кийинчерээк берилген "честный комсомолго" чейин баарыбыз эле ар кандай убадаларды берип да, аны унутуп да, ал гана эмес ошол пионер менен комсомолдун өзүн да кээде эстесек, кээде эстебей келатабыз - анын эмнесин жашырабыз.

Бирок “ант” деген нерсе, “шерт” деген нерсе башка тура. Касам ичип, ок тиштеп, куран кармоо, Баш мыйзамга тооп кылып, ант берүү деген нерсе таптакыр башка нерсе эмеспи. Маселен, кыргыз баласы үчүн ант дегендин эң катуусу жана күчтүүсү - атактуу “Манастын анты”. Бул анттан өткөн биздин тарыхта да, болмушта да, ар бирибиз ардактап, сактап келаткан ата сөздөрүндө да жок. Алып айтсак, Айкөл атабыз Манас чоң казатка аттанаарда кайран энебиз Каныкейге бир сыйра каарын төгүп алып, бирок “тогуз ай бою кылдатып, уздан узга сындатып, сайса найза тешкисиз, чапса кылыч кескисиз” ак олпокту кийгизгенде кырк чоронун көзүнчө минтип ант берип ийген жери бар экен:

“Атаң-энең дебеске,

Артыла камчы салбаска,

Артынан күнү албаска,

Аккелтенин огу урсун,

Көк милтенин чогу урсун!”

Бирок ошол эле Манастын да эң эле күчтүү жана эң эле катуу анты - ”Төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көр үрсун!” деген анты экенин да баса белгилей кетели. Ырасын айтыш керек: бул антты колдон келсе эзели оозго албаган дурус. Себеби анын артын ойлош керек. Кийинкисин эстен чыгарбаш керек. Баарынан да Теңири Манастын арбагын ойлошу керек. Бирок аны оозангандан кийин же аткарыш керек, а эгер аткарылбаса, же жер оодарып көчүп кетиш керек, же экинчи эл аралап баспаган дурус. Айрыкча Манастын ошол шерти казганактаган калктын, караламан элдин көзүнчө айтылып калса.

…Убакыт учкан октой деген сөз туура белем, 2010-жылдын апрелинен бери бир нече жыл зуу деп өтүп кетти. Ошондо эле сездик эле: 7-апрель эч бир алуу-кошуусу жок каралуу күн. Улуттук тарыхыбыздагы унутулгус күн. Майрам күн эмес, аза күнү. Эскерүү күнү. Шейит кеткендердин тилеги аткарылдыбы, жакындарынан айрылгандардын көксөөсү суудубу, көз жаштары кургадыбы, үмүттөрү аткарылдыбы деп маселе кое турган Суроо күнү.

Эстейличи: ошол убакта, апрелде, мындан беш жыл илгери эмне деген гана убадалар берилбеди, эмне деген гана анттар менен шерттер эң эле бийик деген трибуналардан жаңырбады. Баарынан да “Форумдун” жанында туруп, миңдеген элдин көзүнчө берилген Эр Манастын шертичи…

Жаңы бийлик ээлеринин “Эл үмүтүн аткарбасак - төбөсү ачык көр урсун, төшү түктүү жер урсун” деген дүңгүрөгөн антычы. Бир эмес, үч жолу кайталаганычы... Ошондо нечен адамдардын төбө чачы тик турган, себеби эмне деген ант, эмне деген сөздөр! Эми болсо эстеген сайын кыжалат болосуң. Кыжалат болбогондо кантесиң, ошол дүңгүрөгөн анттан кийин Бакиевдин өзү жана анын жакындары аман-эсен гана Беларуска көчүп кетпедиби. Сексенден ашык кишини кайсы снайпер жайратып, кимиси ок атканы белгисиз бойдон калбадыбы. Ал эми кээ бирлер болсо ак жеринен эле күйүп, соттолуп кетти. Себеби бийлик урук-туугандарынан, уул-кызынан айрылган элдин оозун басышы керек эле.

Тилекке каршы, андан башка да аткарылбай калган убадалар менен жоопсуз калган суроолор толтура. Маселен, Бакиевдин учурундагы социалдык жагдайдан жана экономикалык кырдаалдан карыш эмес, сөөм жылган жокпуз. Жылмак түгүл, кризиске капталдык. Тамак-аш кымбаттады. Электрдин баасы өстү. Кургакчылык болду деген шылтоо менен кышы бою эки эсе кымбат бааны төлөдүк. Кумтөр чечилген жок. А. Акаевдин заманынан калган 1 миллиард 850 миллион тышкы карыз бүгүнкү күндө 4 миллиард 500 миллионго жетти. Андан тышкары да 200 миллион ички карыз пайда болду. Башкача айтканда, карыз биздин дүң продукциянын 51 пайызын түздү, жалпы карыз болсо 5 миллиардга жакындады. Бул маалыматты жакында биздин Каржы министрлигибиз таратты.

Бакиевдердин Данияр Үсөнов баштаган жан-жөкөрлөрү Казакстан менен Эмиратта дардалактап ойноп жүргөнүн, бала-чакасы кечээ эле жакында кудум опера театрынын сахнасына шапар тээп эс алганын, аялы болсо бир миллион долларга “унчукпас” депутаттыкты сатып алып, бизнеси чып-чыргасы коробой иштеп жатканын айтпай эле коелук.

“Революционерлер” апрелдин азалуу күндөрүндө ачыктан-ачык тоногон банк депозиттери болсо ал-бул деген шылтоо менен суроо-сопкутсуз калды; айрым лидерлер керт башы менен катышкан мародерлук дале болсо “жабылуу аяк” боюнча келатат. Күлү сапырылгыча өрттөлгөн Башкы прокуратура тууралуу сөз кылган да киши жок. Эгер мыйзамды карай турган болсок, Ак үйгө караганда Башкы прокуратуранын мааниси алда канча чоң эле, анткени ал жерде нечен жылдардан бери чогулуп келаткан документтер бар болчу, уурулар менен жегичтерге карата козголгон жүздөгөн досьелер катылып турчу. Сегиз күн кызыл жалын аймап, кара түтүн каптаган Башкы прокуратурага бир дагы өрт өчүргүч машина келип койбоду го, чиркин.

Ал эми жалаң акчанын күчү менен “проходной” партиялардын биринчи орундарын криминалдар менен паракор-чиновниктер сатып алганын, нечен жыл оппозициячылдыктын ысыгы менен суугуна тоңуп жүргөп бечара партиячылардын оозунан алдыргандай талаада калганын айтпай эле коелу… Кыскасы, тизмелей берсек арман көп.

Эми кайрадан “Манастын антына” келелик. Ырас, “революционерлер” (алардын арасында 2005-жылы К. Бакиевге пайгамбардай тооп кылып, артынан дабырап ээрчиген, кой десе болбой “баксты” Кыргызстанга күч менен таңуулаган “түбөлүк революционерлер” да бар) бири түшүнсө, экинчиси салтты билбеген түркөйлүгүнөн, нокотектигинен ант берип койду. Болоору болду.

Бирок Эр Манастын антын аткарууга азыр деле кеч эмес. Азыр деле элдин күткөнү ошол убадалар. Аткарылып кетсе деген тилектер.

Эгер аткарылып кетсе - анда “революционерлердин” абийиринин жабылганы. Азаматтык кылганы. Нака Эр Манастын тукумдары экендиги. Аткарбасачы?..

Кудай бетин салбасын, аны элестетүү да кыйын. Анда аларды Конституциянын куну же куру убаданын кусуру эмес, нака Айкөл атабыз Манастын арбагы урат.

Кеп мына ушунда.

XS
SM
MD
LG