Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Өкмөт: УКМК багбандан акча доолаган эмес


Сүрөттө багбан Шавкат Байбабаев.
Сүрөттө багбан Шавкат Байбабаев.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-июлда “Азаттыкка” жарык көргөн “УКМК кокон гиластан “үлүш” сурап жатабы?” деген макаласына реакция жасады.

Премьердин тапшырмасы менен 2014-жылдын июнь айында аравандык багбан Шавкат Байбабаевдин гилас багында болгон окуя боюнча УКМК текшерүү жүргүзгөн. Бирок текшерүү жүрүшүндө багбандын арызында жазылган фактылар тастыкталбаганы өкмөттүн катында мындайча жазылган:

- Өкмөттүн Ош облусундагы аппаратынын өкүлүнүн катында 2014-жылдын 8-июнунда Ош шаарынын жана Ош облусу боюнча УКМКнын бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен аталган кызматтын жана башка ведомствонун: Араван районундагы милиция бөлүмүнүн жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү ушул райондун Нурабат айылында жайгашкан Байбабаевдин гилас багына барышкан. Алар бакта мыйзамсыз иштеп жаткан Өзбекстандын жарандарын текшерүүгө алган. Бул учурда курал колдонулган эмес.

Мындан сырткары күч түзүмүнүн кызматкерлери тарабынан Байбабаевдин үй-бүлөсүнө карата мыйзамсыз кыймыл-аракет болгону тууралуу да факт тастыкталган жок. Тескерисинче, Байбабаевдер текшерүү учурунда каршылык көрсөтүп, мыйзамдуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Мындан улам Ош облусунун Араван районунун жашоочусу Шавкат Байбабаевдин айткандары чындыкка кошпойт, - деп жазылган өкмөттүн “Азаттыкка” жолдогон катында.

“Азаттык” багбан Шавкат Байбабаевдин өзү менен байланышканда, УКМКнын эки өкүлү келип, макалада айтылган фактылар тууралуу сурашканын, андан кийин эч ким келбегенин билдирди. Байбабаев өз сөзүнөн кайтпасын, ага кысым көргөзүп акча талап кылган чекисттер жазаланышы керектигин да кошумчалады.

Буга чейин 18-июлда “Азаттыктын” сайтына “УКМК кокон гиластан "үлүш" сурап жатабы?” деген макала жарык көргөн. Буга Араван районунун жашоочусу Шавкат Байбабаевдин 8-июнь күнү өздөрүн УКМК өкүлдөрү деп тааныштырган адамдар келип, гилас багын текшерүүгө алганын айтып бергени себеп болгон. Куралчан адамдар иштеп жаткандарды текшерүүгө алып, бактын аянтын ченешкен. Багбан алар муну акча өндүрүү максатында жасашканын айткан болчу:

- Бакка келсем эле 3 киши туруптур. Бирөө аскер формачан чек ара кызматынан, экөө жарандык кийим кийген УКМК кызматкерлери экен. Анан эле себепсиз бакты текшере башташты. Өздөрүнүн документтерин көрсөтүшкөн, текшерүү боюнча кагаз деле беришкен жок. Койгон айыбы “Силер өзбекстандык кишилерди иштетип атасыңар, жерди мыйзамсыз тартып алгансыңар, тиги-бу" деген болбогон шылтоолор. Каршылык көрсөтсөк, баарыбызды камайбыз дешти. Артында автоматчан кишилери да бар экен, алар бакта иштеп аткан адамдарды кармап чыгышып, коркута башташты. Анан мен эптеп бир нерсе чыгарыш үчүн келгенин билдим да, эми эмне кылабыз десем, "Гиластан түшкөн кирешеден 20 миң доллар бересиң. Болбосо гиласың сатылбайт, Араванда биз кожоюнбуз" ,- дешти.

Бактагы болгон окуянын баарын Байбабаев видеого тартып алган. Ошонун негизинде УКМК кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага, президентке, өкмөткө жана акыйкатчыга беш-алты жолудан арыз жазган.

Шавкат Байбабаевдин айтымында, анын кокон гилас багы беш гектардан ашык. Атасынан калган жерди жети бир тууган бөлүштүрүп алышкан. 2000-жылдары мында бак тигип, эми түшүм берип келаткан.

Бул жерден жылына 50 тоннадан ашык гилас алышчу экен. Анысынан болжолдуу эки жарым млн. сомго жакын киреше табышчу. Өкмөт башчынын Ошко болгон сапарында, Байбабаев ушул кирешесин ашыра көбөйтүп айта салган экен. “Балким маселе ушундан да башталган окшойт”,- деген ал:

- Апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Араванга келип, дыйканчылык, багбанчылык менен таанышып кеткен. Район акими ошондо "кирешени көбүрөөк табам деп айтып кое бер" деген. Анан мен “ушу беш гектардан эле жылына 7-8 млн. сом табам” деп айтып койгом. Чынында гилас бактан көп киреше тапса болот, ошону мен жакшы мааниде айтып бергем да. Ошол жерде бийликтер, УКМК өкүлдөрү да бар болчу. Ошону угуп алып, анан кийин “доляга” отурганы келишкендей. Коркуткандар мага “биз Алайда жол тоскондор менен жүрсөк, сен бул жакта миллион сом таап атыпсың да, бизге да бөлүш” дегендей да сөздөрдү айтышты.

Буга чейин Ош аскер гарнизондук прокуратурасы Шавкат Байбабаевге УКМКнын Араван райондук бөлүм жетекчисине, анын орун басарына, оперативдик өкүлүнө жана “Араван” чек ара кызматынын зардалына, жалпы төрт кишиге төрт берене боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу билдирүү жиберген.

XS
SM
MD
LG