Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

"Сулайман ата Парижди таң калтырды”


"Мекеге карай жол" тасмасынан көрүнүш
"Мекеге карай жол" тасмасынан көрүнүш

Жаш кинорежиссер Асел Жураеванын “Мекеге карай жол” деген документалдык тасмасы Парижде өтүп жаткан “Сinema du Reel” эл аралык кинофестивалында көрсөтүлдү.

- Асел, азыр эле Париждеги фестивалда сиздин тасмаңыз коюлду. Көптөгөн белгилүү кинорежиссерлор көрүп отуруптур. Алар тасмага кандай беришти?

- Мына мен азыр эле киномду көрсөтүп чыкканда, сиз телефон чалып калдыңыз. Алар баасын берише элек. Бирок көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты, кол чаап турушту. Дагы эки күн көрсөтөм киномду, эртең журналисттердин сынына коюп, маалымат жыйынын өткөрүп, алардын бардык суроосуна жооп берем деп пландап турам.

- Фестиваль жогорку деңгээлде өтүп жатат окшойт, 200дөй тасма көрсөтүлөт деп окудум?

- Ооба, мен ушундай чоң деңгээлдеги сынакка катышып жатканыма абдан кубанып жатам. Буга чейин мындай деңгээлдеги сынакка катыша элек болчумун. Абдан масштабы чоң фестиваль экен, кызыктуу кинолор коюлуп жатат. “Сinema du Reel” деген фестивалдын аталышы “чыныгы тасма” деп которулат экен, болгон чындык кинодо көрсөтүлөт.

Асел Жураева
Асел Жураева
- Асел, Кыргызстанда өткөн "Бир дүйнө" эл аралык кинофестивалда баш байгенин жеңүүчүсү болдуңуз эле, Киевде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жаш режиссерлорунун эл аралык форумунда да 6 сыйлыктын төртөөсүн жеңдиңиз. Ийгилик жаратып жаткан “Мекеге карай жол” тасмаңыз эмне жөнүндө?

- Кинодо башкы каарман 80 жаштагы Сулайман Турдубаев. Кадамжай районунун Алга деген айылында жашайт. Ал көп жылдан бери Мекеге барам деп акча чогултуп жүрүп, анан максатынан кайра баш тартып, ошол акчага Улуу Ата мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузган. Ошол Сулайман ата тууралуу тарткам.

- Бул тасма аркылуу көрүүчүгө эмне берейин дедиңиз эле?

- Тарыхты унутпасак, Сулайман атадай адамдар көбөйсө деген ойду бердим. Мындай таза адамдар дүйнөнү жакшы жакка өзгөртөт. Мен ал кишини сыналгыдан жаңылыктардан эле көрүп калдым. Мекеге барбай, акчасына эстелик тургузду деп көрсөтүп калышты. Анан ал карыяны таап, сценарийин жазып, тасмага кириштим.

- Асел, сиздин алгачкы жолу тарткан тасмаңыз аборт жасаткан кыз жөнүндө болчу. Сиз кино аркылуу коомдун аң сезимин өзгөртө алам деп ишенесизби?

- Ишенем. Себеби менин киномду адамдар көргөндөн кийин ар биринен ар түрлүү пикирлерди угам, адамдарда көз караш өзгөрөт. Мисалы мен аборт жасоонун терс көрүнүш экенин бала аркылуу чагылдырдым. Баланы көрсөң бакыт, күлүп, жакшы маанайды сезесиң. Балдардын кадрдагы күлкүсү аркылуу “балалуу бололу” деген ойду бердим. Ошол тасманы көргөндөр “балалуу болгум келет” деп айтышты, мен абдан кубандым.

- Сизге ийгилик каалайбыз, Асел!

- Рахмат!
"Мекеге карай жол" тасмасынан үзүндүнү бул жерден көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG