Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

"Ата Мекен" Сегизбаевди жоопко тартууну суранды (Видео)


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешинде айткан коррупция менен күрөш боюнча аткарылып жаткан иш-чараларды карады.

"Ата Мекендин" лидери Алмамбет Шыкмаматов жыйында Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди "Белизгейт" окуясын уюштурганы үчүн кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага расмий кайрылды.

Ал УКМКнын Антикоррупция кызматынын жетекчисине да кайрылып, мекеменин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Мусаканов, IT кызматкери Асел Жекшенова Белизге барып, жасалма документтерди жасап кайтканын иликтөөгө чакырды:

- Парламентте Абдил Сегизбаев "Белизден трасттык үч документ келди, оппозициялык партиянын үч өкүлүн "Мегакомдо" 23 миллион доллардан үлүшү бар деп күнөөлөп, парламент, президент, менчик эмес, коомдук канал болгон КТРКны тартып, чоң саясий авантюрага барышкан. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинде ("Документ жасоо, жасалма документти колдонуу") жазылгандай кылмыш жасаган. Тактап айтканда, Абдил Сегизбаев аларды колдонду. Ушул жердеги видео версия, стеннограмма да бар. Анда бизге оперативдүү ийгилик менен бул документтерди алып келдик деп жарыялап, оперативдүү документтер тууралуу мыйзамды бузган. Экинчиси, жасалма документти пайдаланган. Үчүнчүсү, 304-берене, өз бийлигинен кыянат пайдаланган. Башкы прокурор экөө сүйлөшүп алып, үч жарандын укугун бузуп, мыйзамсыз кылмыш жазага тартуу максатын көздөгөн. Биз Лондондон адвокат жалдап, алар бир жуманын ичинде Белизде эч кандай трасттык документ жоктугун, мунун баары калптыгын аныктады.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Атамекенчилер" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин жарыялаган. Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Абдил Сегизбаев 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып Кыргызстанда мурда токтотулган же кыскартылган 2096 кылмыш иши аныкталганын билдирди. Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, УКМК, ИИМдеги бул иштердин сотко жетпей калышына эмне себеп болгону териштирилип жатат.

Маалыматка караганда, токтотулуп же кыскартылган кылмыш иштеринин арасында тоо-кен тармагындагы мыйзам бузуулар, мамлекеттик органдардагы кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ишкердикке байланыштуу коррупциялык багыттагы экономикалык жана кызматтык аракеттер бар.

Фракция төрагасы, депутат Алмамбет Шыкмаматов эки миңден ашык иштин мыйзамсыз токтотулушу боюнча кайсы кызмат адамдары жоопко тартылганын сурады. Дүйшөмбиев буга "териштирүү толук аягына чыга элек" деген жооп кайтарып, анын жыйынтыгы чыкса, мыйзам бузууга жол берген тергөөчүлөр жана прокурорлор жоопко тартыларын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "адилеттүүлүктү камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG