Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23
Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мурдагы президент Атамбаев кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда кайра башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

23:00

Милиция Ала-Тоо аянтындагы жаалданган топту сүрүп чыгарды

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында чогулгандарга каршы чабуул башталды. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиргенине караганда, калканчан милиционерлер тобу аянтта тартип орнотуу аракетин көрүүдө.

Кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталар жарылууда.

Ала-Тоо аянтында бир аз мурдараак жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен пайда болду. Алардын көбү жаштар.

Чогулгандардын айрымдары Ак үйдүн жанына келе баштаган.

Алардын талабы эмне экени азырынча белгисиз.

Айрымдары аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

22:45

Ала-Тоо аянтында жаалданган топ жүрөт ​

Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында ушу тапта жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен жүрөт. Алардын көбү жаштар.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, аянтта күч түзүмдөрүнөн эч ким көрүнбөйт.

Чогулгандардын айрымдары Ак үйдүн жанына келе баштады.

Алардын талабы эмне экени азырынча белгисиз.

Айрымдары аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышты.

Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

22:15

Кой-Таш: Эки күндө ооруканага кайрылгандардын саны 98 адам болду

Бүгүн, 8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам медициналык мекемелерге 20 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сегизи мээси чайкалып, омурткасы, моюну жабыркап Травматология жана ортопедия борборуна, тогузу Курортология жана калыбына келтирүү илимий институтуна, үчөө көзү жана санынан жараат алып Улуттук госпиталга кайрылды. Алардын абалы орточо оор жана туруктуу оор деп мүнөздөлүүдө.

Бүгүн кайрылгандардын 16сы алгачкы жардам алып, үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам болду, алардын бири, УКМКнын “Альфа” тобунун кызматкери Үсөнбек Ниязбеков оор жарааттан өзүнө келе албай каза тапты.

21:10

Алмазбек Атамбаевди УКМКга алып келишти

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) алып келишкенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал өзүн Ички иштер министрлигине алып баратышканын кабарлады.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG