Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Алыстагы ата-энеден мээрим күткөн балдар


Ар бир бала ата-эненин мээримине жана ата-эненин тарбиясына муктаж. Менин сүрөт баяным ошол ата-энеси бар туруп, мээрим-тарбияга муктаж болгон балдар тууралуу. Анткени алардын ата-энеси көр турмуштун айынан Россияда же Казакстанда, же дагы бир өлкөгө иштеп кетишкен. Ал ата-энелерди түшүнсө болот, алар да ошол балдарына жакшы шарт түзүү үчүн талаалап иштеп жүрөт. Бирок бөбөктөр баарынан мурда жөн гана ата-эненин жылуу мээрими менен тарбиясына муктаж. Интернет маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде бир адам чет жерде иштеп жүрөт. Демек алардын көбүнүн балдары бул жакта туугандарынын колунда чоңоюп, алыстагы ата-энесине куса болуп күтөт.

Жакшы адамдык касиеттерге ээ болуу үчүн жакшы тарбия алуу керек да. Кыргыздар илгертен тарбияга өтө кылдат мамиле кылышкан, “тарбия көргөн же тарбия көрбөгөн адам” деп коюшат. Ошол алыстагы ата-энелерин күткөн биздин бөбөктөрүбүз кандай тарбияланып, кандай моралдык таалим алып жатканы мени өтө тынчсыздандырат. Балдар элдин келечеги - кичинекей бөбөктөрдү мээримге бөлөп, туура тарбияласак, биз келечекти тарбиялаган болобуз деп айткым келет.

Эрнис менен Айданек Бишкектеги жаңы конуштардын биринде турушат. Айданек 6 жашта, Эрнис 3 жашта. Алардын ата-энелери Россияда иштешет. Балдар туугандарынын колунда калган. Айданек менен Эрнис кошуна турушат. Бул сүрөттөрдү ушул жылдын февраль-март айларында тартып алгам.


Айданек менен Эрнис Россиядагы ата-энелерин эстегенде көңүлдөрү чөгүп муңайып калат. Экөө чогуу ойногондон башка дагы окуганга кызыгышат. Тамгаларды өз алдынча жаттап, санаганды да үйрөнүп алышкан.

Жуманазар Койчубеков,
3-курстун студенти
И. Арабаев атындагы университет
XS
SM
MD
LG