Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Отунбаева: Эркиндик – демократиянын абасындай


(Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын “Азаттык” радиосунун 60 жылдык мааракесиндеги сөзү)

Бүгүн Азаттыктын 60 жылдыгы! Өткөн кылымда коммунисттик системага, өзгөчө Советтер Союзуна каршы идеологиялык курал катары түзүлгөн радио, чынын айтайын, бизге деле угулбачы. Бизге уктурушчу эмес. Совет заманы жаман деп бүгүн деле бир да кыргыздын оозу барбайт го. Ал убакта “мобу мугалим кыргыз тилинде лекция окубаса, биз барбайбыз” , - деп студенттеримдин арасында Шайлообек Дүйшеев, Осмонакун Ибраимов, Тынчтыкбек Чоротегиндер каршы чыгып, менин тилимди кыргызчага бурушкан.

20 жылдан бери “Азаттык” кыргыз тилин ааламга чыгарды, байытты, такшалтты. Кыргыз тил үйрөнөм дегендерге мен дароо эле кеңеш берет элем: эртең мененки жетиден баштап түнкү 10 жарымга чейин “Азаттыкты” уккула! Ошондо заманбап, бай, күчтүү, керемет эне тилин үйрөнөсүңөр!

1992- жылы Кыргызстандын Америкада тунгуч элчилигин ачканы барып, мен эң биринчи эле Азамат Алтай аксакал менен жолуктум. Ал киши “Мен ишенем, кыргыз эли жакшы жашап кетет” деген сөзүн айтып, анан "пенсиямды балдарга жиберейин" деп, экөөбүз жарым суммасын Каракол университетинин, жарымын Жалал-Абад университетинин студенттерине бөлүп, өзүм эки жолу алып барып бергем.

“Азаттык” үчүн биздин эл күрөшкөн жок, бирок азаттыкка үйрөнүү 20 жылдын ичинде күн тартипте жогорку максат болуп турду. Кыргызстан эгемендик алган күндөн тарта “Азаттык” радиосу эл үчүн “демократия мектеби” болуп калды. Ал өткөн жылдарда эл менен ысык-суукка урунуп, тар жол – тайгак кечүү азабын чыдап көтөрүп келатат. “Жакшы гезит же радио – бул эл өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай” дептир айтылуу Америка жазуучусу Артур Миллер. Болгонду болгондой чагылдырып “Азаттык” турмушта элдин көзү, кулагы, жүрөгү боло алдыңар!

Эл аралык журналистика стандарттарын көрсөтүп, күнүгө кармап, өлкөдөгү башка массалык медиа каражаттарынын деңгээлин алдыга тартып, эркин сөздүн эрежелерине баарыбызды үйрөтүп, ынандырдыңар.

Силердин “жарым сааттык” формат кандай гана темаларды козгобойт? Акыйкат, Ак сөз, Ачык коомдун көптөн көп жол-ыкмаларын, сырларын элге айтып берип, силердин радио коомдун кан тамырын кармап турат.

Бирок, менин байкоом боюнча, экономика маселелерине көңүл жетишсиз бурулууда. Ач карынга демократия жакшы сиңбейт экен, муну турмуш тастыктап эле жатат. Элибиз тоо-кен иштерине компанияларды жолотпой, же өзү кичине бизнеске үйрөнө албай, жабыла четке жумуш издеп сүрүлүп кетүүдө. Жарым миллион элибиз “Азаттык” үнүнөн алыстап, башка жерлерде нан таап жүрүшөт. Аларды үйгө тартууга, ишкерликтин кандай жолдору бар, кантип жадегенде туризм, тейлөө тармагында бизнес курса болот, жеке ишкер, үй-бүлө бизнеси, жаштар, аялдар, пенсионерлер, бир айыл чакан бизнести бутуна кантип койсо болот деген жакшы үлгү, сабактарды үйрөтсөңөр.

Америка Кошмо Штаттарынын конгрессине биздин элден чоң ыраазылык. Мамлекеттүүлүк бүгүн дагы чоң сыноодон өтүп жаткан кези. Бул жол бизге жарашпайт экен, биз буга даяр эмеспиз, бизге бир кишинин башкарганы жарашат деп бир топ саясатчылар элди козгоп жаткан кези. Биз да тажрыйба топтоп жакшы-жаманды салыштырып, дүйнө жүзүнө айта алабыз: коом демократияга өзүнөн-өзү эле даяр болуп калбайт, ар бир эл демократия жолун өзү басып өтүшү керек. Бул даяр рецепт, даяр система эмес. Бул күндөгү машыгуу, тартип жана закон менен жуурулган жашоонун бир түрү.

Демократиянын өмүрү аны коргоо үчүн кайраты бар инсандар көбөйгөн сайын жашай берет. Кыргызстанда демократия жашайт, күчөйт, гүлдөйт. Азаттык бар - демократия жашарат, өмүр узарат.

7-июнь, 2013-жыл
XS
SM
MD
LG