Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ак жол тилейм баарыңа


“Азаттык” деген атыңды,
Ашыгабыз айтууга.
Чындыкты сүйлөп дайыма,
Мартабаң улук баарынан.

Кудайым сүрөп алдыга,
Алтымыш жылдык жашыңа.
Жаш кошулсун, Кудай аа,
Жол тосуулар болбосун.

Ак жол тилейм баарыңа,
Бир ууч кыргыз элимди,
Тааныта бер ааламга,
Тартынбай айтып дайыма.

Күндө кулак төшөйбүз,
Баарыбыз чогуу жабыла.
Берүүнү алып баргандар,
Атына окшош пакиза.

Тажиниса Турдубаева, Бишкек шаары, Сүйүнбаев көчөсү №16, кв.24
XS
SM
MD
LG